Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду


Индонезия сейсмикалык жактан өтө опурталдуу аймакта жайгашкан.
Индонезия сейсмикалык жактан өтө опурталдуу аймакта жайгашкан.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Индонезиянын түштүк-чыгышындагы Ачех провинциясындагы Суматра аралында, 20 чакырымдан ашык тереңдикте болду.

Индонезиянын Метеорологиялык жана геофизикалык агенттиги «Твиттердеги» баракчасына жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткенин жазды жана анын кесепетинен улам цунами болушу ыктымал экенин эскертти.

Азырынча табыгый кырсыктан жапа чеккендер жана кесепети тууралуу кабарлана элек.

Индонезия сейсмикалык жактан өтө опурталдуу аймакта жайгашкан жана анда буга чейин жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган табигый кырсыктар катталган.

XS
SM
MD
LG