Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

ИИМ: Шайлоодо «Достук» мейманканасына спортчулар жайгаштырылганы тууралуу маалымат иликтенүүдө


Ош шаарындагы добушканалардын бири. 10-январь, 2021-жыл.
Ош шаарындагы добушканалардын бири. 10-январь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумда Бишкектеги «Достук» мейманканасына спортчулар жайгаштырылганы тууралуу маалымат иликтенип жатат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов 10-январда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Макиловдун айтымында, олбурлуу белгисиз адамдар аталган мейманканага жайгашканы тууралуу маалыматтар милицияга түшкөн. Азыр бул жигиттер кимдер экени жана эмне максатта Бишкекке келгени изилдене баштады. Факты маалыматтар журналына катталган.

Буга чейин чымыр денелүү спортчу балдар шайлоодо басым көрсөтүү үчүн Бишкекке чогултулуп, «Достук» мейманканасына жайгаштырылганы тууралуу маалыматтар тараган.

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Ош шаарында шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан ишенимдүү өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева айрым тилкелерде добуш сатып алуу аракеттери көрүлүп, шайлоочуларга басым көрсөткөн спортчулардын тобу пайда болгонун кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG