Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Кытай Тайвань жаатындагы Помпеонун турумуна нааразы болду


Тайвандын картасы.
Тайвандын картасы.

Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик медиа каражаттары ыйгарым укуктары бүтүп бараткан АКШ өкмөтүн Тайвань жаатындагы буга чейинки турумга залал келтирип, «кытай-америка карым-катнашына көпкө чейин так калтырыш үчүн жамандык кылууга далалаттанып жатат» деп айыптады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ишембиде (9-январда) АКШнын аткаруу бийлиги Тайвань жаатындагы буга чейинки «ыктыярдуу өзүн-өзү чектөөсү жокко чыгарылып жатканын» билдирген. Расмий «Синхуа» маалымат агенттиги 10-январдагы жообунда анын бул билдирүүсүн сынга алды.

«Трамптын администрациясы кызматтан кетерде үйдү өрттөп салгандай аракеттерин улантып, жаңы президент Байден кызматка келерине бир нече күн калганда, Кытай менен мамиледе коркунучтуу кызыл чийинден өтүп кетти», деп айтылат кытайлык агенттиктин жообунда.

Тайвандын президенти Цай Инвэн АКШ президенти Доналд Трамп менен телефондон сүйлөшүп жатат. 3.12.2016.
Тайвандын президенти Цай Инвэн АКШ президенти Доналд Трамп менен телефондон сүйлөшүп жатат. 3.12.2016.

1979-жылы АКШ өкмөтү Кытайдын маанайына жагымдуу кадам жасап, өзүнүн Тайвань менен дипломатиялык алакаларын кыйла салкындатып салган болчу. КЭР Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептейт жана бул аралдагы өзүн мамлекет деп эсептеген субъектини дүйнөлүк алкакта саясий өңүттө обочо калтырууга колдон келишинче аракет кылып келет. (1979-жылдагы бул дипломатиялык чечим «Кансыз согуш» маалында кабыл алынган. Ал кезде СССРге өзгөчө каршы чыгып жаткан АКШ Дэн Сяопиндин тушундагы Кытай менен жылуу мамилелерге өтүүнү эп көргөн).

Аралдагы озүн «Кытай Республикасы» деп атаган Тайвандын борбору Тайбэй шаарындагылар Помпеонун жарыясын шаттана тосуп алышты. Бул окуя республикачы президент Дональд Трамптын бийлик мөөнөтү бүтүп бараткан күндөргө туш келди.

«Биз Тайвань үчүн ачык сүйлөп, аны коргоого алгандыгы үчүн АКШга ыраазычылык билдиребиз», – деди мындагы «Кытай Республикасынын» өкмөт башчысы Су Цзэнчан.

Вашингтон азыр деле Бээжинди Тайвандын ээси деп эсептейт, бирок Тайвань менен расмий эмес карым-катнашты ургаалдуу жүргүзүп келет. АКШ Тайванды Чыгыш Азиядагы демократиялык шериктердин бири катары карайт.

АКШнын БУУдагы элчиси Келли Крафт 13-январда сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тайванга келмекчи.

АКШнын мамкатчысы Помпео өзүнүн 9-январдагы билдирүүсүндө «мындан ары Бээжиндеги коммунисттик режимге «жагуу аракетинде» расмий Вашингтон ички чектөөлөргө барбайт», деп кесе айткан.

Кытайдын мамлекеттик «Глобал Таймс» гезитинин редактору Ху Шицзин Помпеонун жарыясына «Кытайдын аскер учактары Тайвань аралынын үстүнөн ар качан учуп өтө алат» деп жооп узаткан. Ху Шицзин «Тайвань маселесин чечиш үчүн аскердик ыкмага баруу деле күн тартибине киргизилиши ыктымал» деген жоромолун кошумчалаган. (TT)

XS
SM
MD
LG