Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

АКШ Сенатынын Тайван жөнүндөгү мыйзамы Бээжинди тынчсыздандырды


Тайвандын президенти Цай Инвэнь АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүп жатат. 3.12.2016
Тайвандын президенти Цай Инвэнь АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүп жатат. 3.12.2016

Шаршембиде АКШ Сенаты кабыл алган, Тайван менен кызматташтыкты, жарандардын кирип-чыгышын жеңилдеткен мыйзам долбоору Бээжинди катуу тынчсыздандырды.

Бейшембиде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү мыйзам долбоору «бир Кытай» принцибин одоно бузарын билдирди. Бээжин демократиялуу Тайвань провинциясы Кытайдын бир бөлүгү, өз алдынча мамлекет аралык саясат жүргүзүүгө жарамдуу эмес деп эсептейт.

Ал эми Тайвань аралындагылар АКШ Сенатынын чечимин кубатташты. Дональд Трамп АКШ президенттигине шайлангандан кийин Тайвань жетекчиси менен телефондон сүйлөшүп, ага кытай бийлиги нааразы болгон.

XS
SM
MD
LG