Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

Трамп "бир Кытай" саясатын урматтаарын айтты


Си Цзиньпинь жана Доналд Трамп
Си Цзиньпинь жана Доналд Трамп

АКШ президенти Доналд Трамп Бээжиндин “бир Кытай саясатын” урматтаарын билдирди. Бул жөнүндө америкалык президент Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпинь менен 9-февралдагы телефон сүйлөшүүсүндө айтты. Комшо Штаттар жылдар бою Бээжинди Кытайдын бирден бир өкмөтү катары таанып, ошол эле маалда Тайвань менен расмий эмес байланыштарды сактап келген.

Трамп бир нече айдан бери Кытай адилетсиз соода жүргүзүүдө деп сындап келген, кийин Тайвань президентинин телефон чалуусун кабыл алуу менен Бээжиндин катуу каарына калган. 8-февралда Си Цзиньпинге Жаңы жылдык куттуктоо жолдогон Трамп эки тараптын тең кызыкчылыгында “конструктивдүү кызматташууну өнүктүрүүгө” аракеттенерин билдирди. Кытай президенти телефон сүйлөшүүсүндө “бир Кытай” саясатын урматтоого чакырганын, Трамптын оң жообуна канааттанганын айтты. Си Цзиньпинь ал принципти АКШ-Кытай мамилелеринин “саясий пайдубалы” деп атады жана ортодогу “алакалар жаңы бийиктикке чыгат” деп үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Ак Үй сүйлөшүү “жылуу маанайда” өткөнүн жана лидерлер бири-бирин визитке чакырышканын билдирди

XS
SM
MD
LG