Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Ыкчам координациялык топ: Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу боюнча фактылар катталды


Кыргызстандагы добушканалардын бириндеги добуш берүү учуру. 10-январь, 2021-жыл.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жана башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумдун жүрүшүндө саат 18.50гө карата мыйзам бузууга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 42 кайрылуу түштү.

Аталган топтун жана БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров басма сөз жыйынында билдиргендей, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу боюнча бирден фактылар катталды. Автоматтык эсептөө урналары бузулганы боюнча да бир арыз келген.

Шайназаров 42 кайрылуунун 26сы добушканалардын иши менен байланыштуу экенин кошумчалады.

Өлкөдө добуш берүү кечки саат сегизде токтотулуп, шайлоо тилкелери жабылууда. Эми жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштардын акыркы жыйынтыктарын санап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жөнөтүшөт.

Добуш бериш үчүн Кыргызстандын өзүндө 2438, чет мамлекеттерде 48 шайлоо тилкеси уюштурулган.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбүрөөгү катышты.

БШК добуш берген шайлоочулардын эсеби боюнча жаңы маалымат тарата элек.

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоонун жүрүшүнө 500 добушканада мониторинг жүргүзүп, 30 мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шайлоо жараянын уюштуруу катуу көзөмөлдө экенин, административдик ресурсту колдонуу боюнча 32 арыз түшкөнүн, алардын үчөө иликтенип жатканын, калганында факты аныкталбаганын билдиришти.

БШК шайлоо тынч өткөнүн, одоно мыйзам бузуу болбогонун маалымдоодо. Көз каранды эмес байкоочулар кемчиликтер, укук бузуу, тизме текшерүү сыяктуу мыйзамсыз көзөмөл жүргүзгөндөр тууралуу видео жана фотолорду социалдык түйүндөргө жарыялашууда.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар дээрлик бардык жерлерде жарандар активдүү катышпаганын белгилешти.

17 талапкер ат салышкан президенттик шайлоону «өттү» деп жарыялаш үчүн пайыздык чек каралган эмес. Жыйынтык шайлоочулардын канча пайызы катышса, ошого жараша чыгарылат. Добуш бергендердин жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болгон талапкер утат.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 56-беренесине ылайык, талапкерлердин бири да шайлоочулардын эң көп добушун ала албаса, анда БШК шайлоочулардын салыштырмалуу кыйла көп добушуна ээ болгон эки талапкердин ортосунда кайра добуш берүү (2-тур) дайындайт.

БШК шайлоо өткөндөн 20 күндөн кечиктирбестен, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого тийиш.

Ал эми референдумду «өттү» деп жарыялаш үчүн шайлоочулардын 30% көбү добуш бериши керек.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы деген варианттар коюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG