Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Кыргызстанда шайлоо аяктап, добуш берүү тилкелери жабылды


Таластагы шайлоо тилкелеринин бири. Добушкана жабылар алдында тартылган сүрөт.
Таластагы шайлоо тилкелеринин бири. Добушкана жабылар алдында тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 10-январдагы президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүү кечки саат сегизде токтотулду. Шайлоо тилкелери жабылууда. Эми Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштардын акыркы жыйынтыктарын санап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жөнөтүшөт.

Добуш бериш үчүн Кыргызстандын өзүндө 2438, чет мамлекеттерде 48 шайлоо тилкелери уюштурулган.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбүрөөгү катышты.

БШК добуш берген шайлоочулардын эсеби боюнча жаңы маалымат тарата элек.

Президенттик шайлоонун бюллетени ак, референдумдун бюллетени көгүш түстө жасалган. Бюллетень электрондук үкөккө салынат. Шайлоо күнү түшкө чейин бир катар тилкелерде үкөк иштебей калган учурлар болду. Адистер күндүн суугуна байланыштуу ушундай кырдаал жаралышы мүмкүн экенин билдиришти.

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоонун жүрүшүнө 500 добушканада мониторинг жүргүзүп, 30 мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шайлоо жараянын уюштуруу катуу көзөмөлдө экенин, административдик ресурсту колдонуу боюнча 32 арыз түшкөнүн, алардын үчөө иликтенип жатканын, калганында факты аныкталбаганын билдиришти.

БШК шайлоо тынч өткөнүн, одоно мыйзам бузуу болбогонун маалымдоодо. Көз каранды эмес байкоочулар кемчиликтерди, укук бузуу, тизме текшерүү сыяктуу мыйзамсыз көзөмөл жүргүзгөндөр тууралуу видео жана фотолорду социалдык түйүндөргө жарыялашууда.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар дээрлик бардык жерлерде жарандар активдүү катышпаганын белгилешти.

Президенттик шайлоону «өттү» деп жарыялаш үчүн пайыздык чек каралган эмес. Жыйынтык шайлоочулардын канча пайызы катышса, ошого жараша чыгарылат. Добуш бергендердин жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болгон талапкер утат.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 56-беренесине ылайык, талапкерлердин бири да шайлоочулардын эң көп добушун ала албаса, анда БШК шайлоочулардын салыштырмалуу кыйла көп добушуна ээ болгон эки талапкердин ортосунда кайра добуш берүү (2-тур) дайындайт.

БШК шайлоо өткөндөн 20 күндөн кечиктирбестен, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого тийиш.

Ал эми референдумду «өттү» деп жарыялаш үчүн шайлоочулардын 30% көбү добуш бериши керек.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы деген варианттар коюлган.

Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG