Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Шайназаров: Интернетте тараган чектердин бири жасалма экени аныкталды


10-январь, 2021-жыл. Кыргызстандагы добушканалардын бири.
10-январь, 2021-жыл. Кыргызстандагы добушканалардын бири.

Президенттик шайлоо менен референдумда Түштүк Сахалиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу социалдык тармактарда тараган чектердин бири жасалма болуп чыкты.

Бул тууралуу мыйзам бузууга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун жана БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров 10-январда саат 19.30да карата өткөн басма сөз жыйынында билдирди:

«Азыр тактап чыктык. Бир чек жасалма экени аныкталды. Түштүк Сахалин жана Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөштүк. Протокол түзүлүп, бул жакка жиберилет. Жапаровго 345, Мадумаровго 100 деген биринчи чек туура деп табылды».

Буга чейин соцтармактарда Орусиянын Түштүк Сахалин шаарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу чектердин сүрөттөрү тараган. Анын биринде талапкер Садыр Жапаров 345, Адахан Мадумаров 100 добуш алганы көрсөтүлгөн. Интернетте тараган дагы бир ушуга окшош чекте тескерисинче Жапаров 100, Мадумаров 345 добуш алганы жазылган.

Буга чейинки сааттарга карата өткөн басма сөз жыйында журналисттер ыкчам топко бул чектерге байланыштуу суроо берип, Шайназаров ал иликтене турганын билдирген.

800дөн ашык кыргызстандык шайлоочу катталган Түштүк Сахалинде шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3.00дө башталган. (NT)

XS
SM
MD
LG