Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Жазы-Кечүүдө үч жыл мурун көз жумган аял шайлоочулардын тизмесинде турат


Президенттик шайлоонун жана референдумдун бюллетендерин салууга өз-өзүнчө үкөктөр коюлган. Сүрөттүн кабардагы шайлоо тилкесине тиешеси жок.
Президенттик шайлоонун жана референдумдун бюллетендерин салууга өз-өзүнчө үкөктөр коюлган. Сүрөттүн кабардагы шайлоо тилкесине тиешеси жок.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылында үч жыл мурун көз жумган аялдын аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде илинип турат.

№2385 тилкесинде маркум Айгүл Абдибахап кызы тизмеге кошулганы тууралуу айыл башчы Замирбек Масиркулов «Азаттыктын» кабарчысына төмөнкүдөй маалымат берди:

«Биз бул жаран каза болгондон кийин айыл өкмөттүн каттоосунан чыгарганбыз. Бирок шайлоочулардын тизмесине кошулуп турат. Бул боюнча борбордогу Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берет».

Аталган айылда 213 шайлоочу бар. Кыштакка 2020-жылдын сентябрында биринчи жолу жарык берилген.

Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордо да көз жумган кишилердин аты-жөнү тизмеге кошулуп, добуш берүүгө чакыруу келген учурлар болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы кээде техникалык мүчүлүштүктөн улам ушундай маселе жаралып калышы ыктымал экенин билдирген. (TB\SE)

XS
SM
MD
LG