Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Сасык тумоо же коронавирус симптому бар жарандарга саат 18:00дөн кийин добуш берүү сунушталды


Таластагы шайлоо тилкелеринин бири.
Таластагы шайлоо тилкелеринин бири.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги добуш берүү тилкелеринде санитардык-эпидеомиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү бардык добушканаларда коопсуздук чаралары көрүлгөнүн, 5000ден ашуун медкызматкер күзөттө экенин билдирди.

Министр ошондой эле сасык тумоо же коронавирус симптому бар жарандарга кечки саат алтыдан кийин келип добуш берүүнү сунуш кылды.

Эрежеге ылайык, эшиктердин туткаларын, столдорду жана башка предметтерди кармаган соң жарандар сөзсүз түрдө антисептик менен колун тазалоого тийиш. Адамдардын ортосундагы аралык бери дегенде бир жарым метр болушу зарыл. Добушканага балдарды ээрчитип келүүгө болбойт.

Бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 10-январга карата 82 273 адамга жетти. (SE)

XS
SM
MD
LG