Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Мамытканов: Шайлоону бурмалоо, административдик ресурсту колдонуу болгон жок


Максат Мамытканов, вице-премьер-министр.
Максат Мамытканов, вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш сатуу же сатып алуу болбогонун «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди.

«Эң башында элге таза шайлоо өткөрөбүз деп убада бергенбиз. Биз убадабызга турдук. №2 форма болгон жок. Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо, добуштарды сатып алуу сыяктуу ыкмалар колдонулган жок. Эң негизгиси административдик ресурс бул шайлоодо колдонулган жок».

Мамытканов ошондой эле шайлоонун толук жыйынтыгы чыга элек экендигин билдирип, алгачкы көрсөткүч менен акыркы көрсөткүчтүн ортосунда олуттуу айырма болбой турганын белгиледи.

Кыргызстанда 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчүнө караганда талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 22:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышты. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 38%дан ашыгы катышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG