Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Абакиров: Бийликке келген күчтөр үчүн чыныгы күрөш алдыда


Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Президенттикке талапкер Элдар Абакиров 10-январда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгы мыйзам чегинде болсо тааный турганын «Азаттыкка» билдирди:

«Коомдун азыркы абалы, жакырчылык, пандемия, экономикалык каатчылык, күзүндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгынын баары азыркы шайлоого түздөн-түз таасир этти. Албетте, майда-чүйдө мыйзам бузуу болушу мүмкүн. Бирок аны эми БШК териштирет деген ойдобуз. Эми бийликке келген күчтөр өлкөдөгү абалды оңдой турган чыныгы күрөш алдыда».

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 22:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Элдар Абакиров алган добуш алдын-ала 0.50% деп эсептелүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG