Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Саат 22:00гө карата жыйынтык: шайлоочулардын 38,70% добуш берди


Добуш берүү учуру. Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринен тартылган сүрөт.
Добуш берүү учуру. Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринен тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул эсеп саат 21:50гө карата чыгарылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди:

Садыр Жапаров - 79,24%;

Адахан Мадумаров - 6,71%;

Бабыржан Төлбаев - 2,35%;

Мыктыбек Арстанбек - 1.67%;

Абдил Сегизбаев - 1.46%;

Имамидин Ташов - 1.19%;

Клара Сооронкулова - 0.99%;

Аймен Касенов - 0.91%;

Улукбек Кочкоров - 0.68%;

Канатбек Исаев - 0.58%;

Бактыбек Калмаматов - 0.50%;

Курсан Асанов - 0.50%;

Элдар Абакиров - 0.50%;

Равшан Жээнбеков - 0.19%;

Каныбек Иманалиев - 0.18%;

Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;

Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;

Баарына каршы - 1,34%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы төмөнкүчө:

- Президенттик башкарууну колдогондор - 81,27% ;

- Парламенттик башкарууну жактагандар 10,82%;

- Экөөнө тең каршылар - 4,42%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Шайлдабекованын айтымында, электрондук үкөктөгү добуштардын 96% көбү саналды. Кошумча кол менен санай турган бюллетендер да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG