Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Ысык-Көлдө балык кармаганы чыгып, чөгүп кеткен киши изделип жатат


Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө 10-январда балык кармоого чыккан эки кишинин кайыгы жарылып, бири чөгүп кеткенин «Азаттыкка» жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көл жээгинде 37 жана 38 жаштагы эки тургун үйлөмө кайык менен балык улоого чыккан.

Алар көлдөн тор жыйнап жатканда кайыгы жарылып кеткен. Балыкчылардын бири Айбек Абыкеевди жергиликтүү тургундар суудан чыгарып алганга үлгүргөн. Экинчиси - Эрик Бектуровду издөө иштери жүрүп жатат.

Айбек Абыкеев азыр Жети-Өгүз райондук ооруканасында.

Окуя тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, издөө иштерине жети куткаруучу тартылды. (KS)

XS
SM
MD
LG