Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Сегизбаев: Шайлоодо баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилген жок


Абдил Сегизбаев, президенттикке талапкер.
Абдил Сегизбаев, президенттикке талапкер.

Президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк берилген жок. Мындай пикирин президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев шайлоонун жүрүшү тууралуу «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди.

«Бир тараптуу түрдө, бардык административдик ресурс колдонулду. Мамлекеттик кызматкерлерди кыйнап, ошолордун добушун алганга аракет кылды. Кара пиар материалдары 7-канал жана башка ресурстар аркылуу чагылдырылды. Биз келечектүү Кыргызстанды куруу боюнча аракеттерибизди улантабыз. Ар бир сурообузду мындан ары да коёбуз. Башка да суроолорубуз бар. Ошолорго жооп тапканга аракет кылабыз. Ким бийликке келбесин, кемчиликтерди көрсөтүп, сынга алууну уланта беребиз», - деди Сегизбаев.

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү боюнча талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%;

Бабыржан Төлбаев - 2,31%;

Мыктыбек Арстанбек - 1.66%;

Абдил Сегизбаев - 1.46%;

Имамидин Ташов - 1.19%;

Клара Сооронкулова - 0.98%;

Аймен Касенов - 0.91%;

Улукбек Кочкоров - 0.69%;

Канатбек Исаев - 0.57%;

Бактыбек Калмаматов - 0.50%;

Курсан Асанов - 0.50%;

Элдар Абакиров - 0.50%;

Равшан Жээнбеков - 0.19%;

Каныбек Иманалиев - 0.16%;

Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;

Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;

Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумду президенттик башкарууну колдогондор көп - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

Президенттик кезексиз шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы деген варианттар коюлган.

Шайлоо бюллетенине президенттик кызмат үчүн жарышка чыккан 18 талапкер катталган. Алардын ичинен Рашид Тагаев талапкердиктен өз каалоосу менен баш тарткан. Натыйжада шайлоодо 17 талапкер ат салышты. (NT)

XS
SM
MD
LG