Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Мадумаров референдумдун жыйынтыгын «жомок» деп атады (видео)


Адахан Мадумаров, президенттикке талапкер.
Адахан Мадумаров, президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров 10-январдагы президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары тууралуу өз оюн билдирди. Башкаруунун президенттик формасын шайлоочулардын 80%тен ашыгы колдогонун Мадумаров «жомок» деп атады:

«Ушул депутаттардын колу менен эми жаңы Конституцияны кабыл алат. Добуш бергендердин 80%и президенттик башкаруу формасын жактап добуш берди. Эми «ханституция» деп жатпайбызбы, накта хандык системага барабыз. Андан кийин анан чыркырап чыгышат. Бул күндөр алыс эмес».

Мадумаров ошондой эле шайлоочулардын добуш берүүгө аз келишин элдин бийликке ишениминин жоктугу менен түшүндүрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Адахан Мадумаров 6,60% добуш алды. президенттик кезексиз шайлоого 17 талапкер катышты.

10-январда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп, анда добуш берүүгө шайлоочулардын 30% ашыгы катышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG