Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштарын кызматташууга чакырды (видео)


Садыр Жапаров. Бишкек шаары. 11-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. Бишкек шаары. 11-январь, 2021-жыл.

Президенттик шайлоодо арбын добуш алган Садыр Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалайт. Мындай пикирин ал бүгүн, 11-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоочуларынын алдында сүйлөп жатып билдирди:

«Президенттикке аттанган менден башка да талапкерлердин саясатта салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбасы бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да өлкөбүздү өнүктүрсөм, Кыргызстаныбызды кубаттуу мамлекетке айлантсам деген ыйык тилектери бар. Мен атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн терең сыйлайм. Кудай буйруп, президент катары толук ишке киришерим менен талапкер атаандаштарымды акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешип-баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата ушак-айың, көө жапмайдан эч ким утпайт. Азыр бизге ынтымак керек».

Садыр Жапаров шайлоочуларынан өзүнө ишеним гана керек экенин кошумчалап, чогуу-чаран кызматташууга чакырды.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоого 17 талапкер катышты. Алардын арасында шайлоонун Жапаровдун жеңишин көрсөтүп жаткан баштапкы жыйынтыктарын сындагандар да, тааныгандар да болууда.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда Садыр Жапаров добуш берген шайлоочулардын 79% добушун алды.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 киши добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда - Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

10-январда Кыргызстандагы 3 миллион 563 миң 574 шайлоочунун 40 пайызга жакыны добуш берди.

Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын. (ZKo)

XS
SM
MD
LG