Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

HRW: Садыр Жапаровдун алдында эл аралык милдеттенмелердин жоопкерчилиги турат


Садыр Жапаровдун алдында Кыргызстанды эл аралык милдеттенмелердин негизинде, анын ичинде адам укуктарынын принциптерин сактоо менен жетектөө жоопкерчилиги турат. Бул тууралуу «Human Rights Watch» эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева «Азаттыкка» билдирди.

«Шайлоого чейинки окуялар, анын ичинде бийлик өлкөнүн Конституциясын көз жаздымда калтыруу менен тез арада президенттик шайлоого багыт алганы бир топ тынчсыздануу жаратат. Жапаров мырзада өлкөдөгү бийликти ишке ашыруу маселесинде жакшылап текшерүү жана тең салмактуулук принциптерин орноткон процессти жетектөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө кечээки референдумду улай президенттик башкаруу формасына эмнелер камтылары белгисиз болуп турган учурда мунун мааниси чоң. Жапаров мырза өлкөнүн келечегин түптөөгө кадам таштап жаткан учурунда адам укуктары анын иш-аракетинин өзөгүн түзөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар»,- деди Султаналиева.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум болду.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдагы добуштардын жыйынтыгында шайлоочулардын 80% көбү президенттик республика үчүн добуш берди, 11% жакыны парламенттик башкарууну колдогон. (SE)

Дагы караңыз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG