Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Түркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 10-январда өткөн президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагында жана «Твиттерде» жарыялады.

«Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана референдум тынчтык жана коопсуз кырдаалда жыйынтыкталганына биз кубанычтабыз.

Президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз.

Түркия Кыргызстандагы демократиялык жүрүмдөрдүн өзүнө бардыгын камтуунун жана коомдук жарашуунун негизинде жыйынтыкталышына карай жасалган кадамдарды колдойт», деп жазылган билдирүүдө.

Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы башкы консулдукта добуш беришти. Бул эки тилкеде жалпысынан 1532 шайлоочу катталган. Анкарада 701, Стамбулдагы башкы консулдукта 831 шайлоочу болгон.

Түркиянын Стамбул шаарындагы шайлоо тилкесинде 160 адам добуш берген. Ал эми Анкара шаарындагы тилкеде 89 шайлоочу гана добуш бергени катталган.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (ElB)

XS
SM
MD
LG