Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Түркиядан Кыргызстанга эки каттам уюштурулат


Түркиядан Кыргызстанга дагы эки атайын чартердик каттам уюштурулат. Аны менен элчиликтин тизмесинде турган 466 жаран Кыргызстанга кайтары кабарланды.

Tизмеде турган кыргызстандык студент Эсен быйыл Кастамону университетинин экинчи курсун аяктады. Эсен пандемияда аралыктан окуган. Экзамендер эми гана бүткөндүктөн Түркиядагы кыргызстандык студенттер бул чартердик каттамга көбүрөк жазылганын билдирди.

"Студенттердин бул убакытка чейин Түркиядан кетпегени алардын сабактары узаргандыгы менен байланыштуу. Буга чейин бир канча чартердик каттамдар уюштурулду, бирок университеттерде экзамен жаңы бүткөндүктөн, көбүнчө студенттер Кыргызстанга кетүүнү көздөп турушат. Айрымдары "жол ачылды" деген ниетте авиакомпаниялардан билет сатып алышкан. Бирок рейстер ачылбагандыктан авиакомпаниялар улам кийинки айга жылдырып жатышат. Мен элчиликке катталгам. Эми чертердик каттам менен кеткенге даярданып турам".

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы 1415 жаран атайын уюштурулган беш чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан. Бул ирет да Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук түзгөн тизме менен аэропортко келип, билет сатып алып учуп кетишет.

Мигранттардын арасында Кыргызстандагы абалдан улам мекенине кайткысы келбегендер да бар. Маселен, Толкун Турдугулова Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу жагдайдан улам тизмеден чыгууну көздөп жатат.

"Уулум менен эки айдан бери кеткенге даярданып жатканбыз. Учурда Кыргызстанда абал курчуп бараткандай. Мекенибиздеги теңтуш, туугандардын айрымдары коронавирустун жеңил түрү менен ооруп жатышыптыр. Биз кооптуу болуп калабы деген ойдо Кыргызстанга барбай турууну чечтик. Өзүбүздөн мурун Кыргызстандагы ата-эне, бир туугандарды ойлодук".

Буга чейин Түркиянын транспорт министри Адил Караисмаилоглу 22-июндан тартып Түркиядан Кыргызстанга аба каттамдары ачыларын маалымдаган. Түркиялык авиакомпаниялар Стамбул-Бишкек каттамы боюнча билет сата баштаган. Бирок Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев түрк авиакомпаниялары каттамдарды калыбына келтирүүнү сунуш кылып жатканын, кыргыз өкмөтү макул боло электигин айткан.

Стамбул-Бишкек каттамы боюнча июнь айына билет алган кыргызстандык Тина "Turkish Airlines" авиакомпаниясы ушуну менен бешинчи жолу каттамды жылдырып, ара жолдо калганын билдирди.

"Мен аба каттамдары ачылат дегенде эле июнь айына билет алып койгом. Улам бири учпай, билетимди жылдырып жатышты. Акыр-аягы Алматыга билетимди алмаштырды. 23-июнда аэропортко барып, багажымды бергенден кийин "Алматыга казак же түрк жарандары алынат" дешти. Ал учак менен да кете албай калдым. Эми "Turkish Airlines" менин Бишкекке кете турган билетимди августка жылдырды. Чемодандарымды даярдап, Кыргызстанга кетсем деп эле турам. Чартердик каттамга жазылсам деле кезек келерине көзүм жетпей турат".

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги атайын тизмеге кирген жана “Пегасус” авиакомпаниясынын гана 2020-жылдын 4-июлуна чейинки рейстерине мурда сатып алынган билеттер чартердик каттамга жарактуу экенин кабарлады.

Чартердик каттамдын жол киреси 220 доллар. Авиакомпания жүргүнчүлөргө 28 килограмм жүк алып өтүүгө гана уруксат берген. Коронавирустун алдын алуу максатында учакка кол багажын алып кирүүгө тыюу салынган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги бул чартердик каттам менен кайра түрк жарандары учуп кетерин кабарлады.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG