Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Кыргыз-түрк министрлери Анкарада «Маариф», ФЕТО жана пандемия маселелерин талкуулашты


Кыргызстан менен Түркиянын желектери.
Кыргызстан менен Түркиянын желектери.

10-ноябрда Анкара шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча уюштурулган басма сөз жыйынында министрлер эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий карым-катышты талкуулашканын билдиришти. Ошондой эле Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын төлөө боюнча сүйлөшүүлөр болгону да кабарланды.

Министр Казакбаев Түркия пандемия учурунда Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөткөнүн жана муну улантып жатканын баса белгиледи.

Министр Чавушоглу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу Кыргызстанда бар экенин жана өлкө үчүн бул коркунучтуу экенин эскертти:

«ФЕТО дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун - бул бир тууган өлкө Кыргызстанга да тийиштүү - коркунуч алып келет. Биз бардык өлкөлөргө муну түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Албетте, ал өлкөлөрдөн да биз колдоо күтөбүз. ФЕТО кайсыл өлкөдө бар болсо, ал өлкө үчүн кооптуу, анткени ал террордук уюм. Бул террордук уюмду колдогондор ал өлкөнүн жакшылыгын каалабайт».

Түрк бийлиги АКШда бозгунда жашаган Гүлендин «Хизмет» кыймылын ФЕТО деп атап, террорчул уюмдардын катарына кошуп келатат. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.

Түркия Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелерин да «гүленчил» көз карашта деп болжойт. Кыргыз бийлиги бул билим берүү мекемесин өлкөнүн өзүнө таандык билим берүү мекемеси деп эсептеп, 2017-жылы «Сапат» деп өзгөрткөн. Ошондой эле 2019-жылы 4-сентябрда «Маариф» фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал өлкөнүн ички мыйзамдарына ылайык иштей турганын жарыялаган.

Чавушоглу Казакбаев менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында түркиялык «Маариф» фонду боюнча эки тарап макулдашканын билдирди. Макулдашууга ылайык «Маариф» фонду жакын арада Кыргызстанда билим берүү мекемелерин (мектеп, бала бакча жана университет) ача турганы белгиленген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга иш сапары менен 8-ноябрда барып, ошол эле күнү Стамбул, Анкара шаарларындагы кыргызстандык ишкерлер, эмгек мигранттары менен жолугушканы кабарланган. 4-октябрдан кийинки бийлик алмашууда кызматка келген Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен 19-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал эми Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (ElB)

XS
SM
MD
LG