Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Руслан Казакбаев Анкаранын көңүлүн алды


Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу. 10-ноябрь, 2020-жыл.
Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу. 10-ноябрь, 2020-жыл.

10-ноябрда Анкара шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий карым-катышты талкуулашканын билдиришти.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиядагы расмий иш сапарынын экинчи күнүндө Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Эки министр басма сөз жыйынында жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алгач сөздү министр Чавушоглу алып, Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларга көз карашын билдирди:

«Дос жана бир тууган Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки окуяларга биз кунт коюп көз салып турдук. Биз негизинен тез арада Кыргызстанда туруктуу жагдай орношун каалайбыз. Убактылуу бийликтин келиши менен бул туруктуулук орноду деп ойлойбуз. Алдыдагы президенттик шайлоону, конституциялык реформаны жана парламенттик шайлоону да кыргыз эли жана анын башында тургандар ийгиликтүү жыйынтыкташат деген ойдобуз. Бул убакыт ичинде бир тууган Кыргызстанды толугу менен колдойбуз».

Ал эми Руслан Казакбаев сөзүн кыргыз тилинде баштап, кийин түрк тилинде улантып, 4-октябрдан кийинки Кыргызстандагы саясий окуялардан соң өлкөдө туруктуулук орногонун баса белгиледи:

«Эл аралык аренада Кыргызстан жана Түркия ар дайым бирдиктүү саясат жүргүзүп, бири-бирине колдоо көрсөтүп келген. Бул иш сапарымда мен бир канча түрк министрлери менен жолуктум. 6-октябрдан кийинки Кыргызстандагы абал боюнча маалымат бердим. 4-октябрдан кийинки убакта Кыргызстанда туруктуу саясий абал орногонун, саясий жагдайлар укуктук алкакка кайтып келгенин баса белгилегим келет. Ал эми эки өлкөнүн саясий кызматташуусунда эч кандай маселе жок».

Руслан Казакбаев жана Мевлүт Чавушоглу басма сөз жыйынында.
Руслан Казакбаев жана Мевлүт Чавушоглу басма сөз жыйынында.

Ал ошондой эле Түркия пандемия учурунда Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөткөнүн жана муну улантып жатканын эске салды:

«Коронавирус пандемиясы башталганда Кыргызстанга кандай жардам болгонун сүйлөшүүлөрдө тактадык. Ошондой эле президент Режеп Тайып Эрдоган, тышкы иштер министри Чавушоглу мырза Түркия мындан кийин да Кыргызстанга пандемияга байланыштуу керектүү ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдиришти».

2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү жыл башында 400 миллион долларды түзгөн. Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандагы түркиялык ишкерлердин айрым кыйынчылыктары болгонун, бирок бул убактылуу көрүнүш экенин белгиледи:

«Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн жалпы суммасын бир миллиард долларга чыгаралы деп турабыз. Түрк ишкерлеринин Кыргызстанда ири инвестициялары бар. Акыркы убактарда айрым кыйынчылыктар болбой койгон жок. Биз буларды сүйлөшүп жатабыз. Министр Казакбаев Түркияга келерден мурун Кыргызстандагы түрк ишкерлери менен жолукту. Өз ара сүйлөшүүлөр менен маселелер чечилет деп ойлойм».

Муну менен катар министр Чавушоглу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу Кыргызстанда бар экенин жана өлкө үчүн бул коркунучтуу экенин эскертти:

«ФЕТО дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун - бул бир тууган өлкө Кыргызстанга да тийиштүү - коркунуч алып келет. Биз бардык өлкөлөргө муну түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Албетте, ал өлкөлөрдөн да биз колдоо күтөбүз. ФЕТО кайсыл өлкөдө бар болсо, ал өлкө үчүн кооптуу, анткени ал террордук уюм. Бул террордук уюмду колдогондор ал өлкөнүн жакшылыгын каалабайт».

Түрк бийлиги АКШда бозгунда жашаган Гүлендин «Хизмет» кыймылын ФЕТО деп атап, террорчул уюмдардын катарына кошуп келатат. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.

Ал арада Түркия Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелерин да «гүленчил» көз карашта деп болжойт. Кыргыз бийлиги бул билим берүү мекемесин өлкөнүн өзүнө таандык билим берүү мекемеси деп эсептеп, 2017-жылы «Сапат» деп аталышын өзгөрткөн. Ошондой эле 2019-жылы 4-сентябрда «Маариф» фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал өлкөнүн ички мыйзамдарына ылайык иштей турганын жарыялаган.

Чавушоглу Казакбаев менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында түркиялык «Маариф» фонду боюнча эки тарап макулдашканын билдирди. Макулдашууга ылайык «Маариф» фонду жакын арада Кыргызстанда билим берүү мекемелерин ача турганы белгиленди.

«Бүгүн, өзүңөр билгендей, «Маариф» фонду боюнча келишимге кол койдук. Бул келишим менен «Маариф» фонду Кыргызстандын кайсы аймактарында мектеп ачарын сүйлөштүк. Муну менен Кыргызстанда билим берүүнүн\ сапаты жогорулайт деп ишенебиз», - деди министр Чавушоглу.

Руслан Казакбаев, Анкара шаары.
Руслан Казакбаев, Анкара шаары.

Ал арада жергиликтүү түрк басылмалари эки министрдин басма сөз жыйынынан кийин «Түркия Кыргызстанды толугу менен колдоорун» жана министр Казакбаев түрк тилинде эркин сүйлөгөнүн кубаттап жазып чыгышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга иш сапары менен 8-ноябрда барып, ошол эле күнү Анкара шаарындагы кыргызстандык ишкерлер, эмгек мигранттары менен жолугушканы кабарланган. 4-октябрдан кийинки бийлик алмашууда кызматка келген Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен 19-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал эми Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет.

XS
SM
MD
LG