Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Измирдеги кыргызстандык мигранттар үйсүз калды


Зилзаладан кийинки Измир шаары. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Зилзаладан кийинки Измир шаары. 3-ноябрь, 2020-жыл.

Түркиянын Измир аймагында 30-октябрда болгон жер титирөөдө кыргызстандык үч мигрант жашаган батир жарактан чыгып калган. Алардын кийим-кечеги, документтери ураган үйдүн ичинде калып, учурда иштеген жерлеринде баш калкалап турушат.

Измир аймагына караштуу Байраклы районунда зилзаланын күчү жети баллга жеткен. Бул райондо кыргызстандык мигранттар жашаган көп кабаттуу үй жарым-жартылай кулап калган. Жергиликтүү бийлик үй толугу менен жараксыз деген чечим чыгарган.

Үч жылдан бери Измир шаарында иштеген Саадат жер титиреген маалда баары жумушта жүргөнүн, алар жашаган үйдөн чоң жарака кетип, анан толугу менен урап калганын айтты:

«Биз жер титирегенде жеңем, мен жана иним - ар бирибиз өзүбүздүн жумуштарыбызда элек. Үчөөбүз чогуу ижарага алган батирге жеңем экөөбүз жумасына бир жолу барып, жолугуп, эс алып, анан кайра иштеген үйлөргө кетчүбүз. Анткени иштен биз жумасына бир күн эс алууга чыгабыз. Ошол күнү кудай жалгадыбы, билбейм, жума күнү эс алуумду жылдырып ишембиге алгам. Эгер жума күнү барганымда ошол урандынын алдында калмак экенмин».

Саадат жашаган батир жети кабаттуу үйдүн биринчи кабатында болгон.
Саадат жашаган батир жети кабаттуу үйдүн биринчи кабатында болгон.

Ал ушу тапта жеңеси менен иштеген үй-бүлөнүн жанында баш калкалап турат. Иниси өзү иштеген ишкананын кожоюнунун үйүндө түнөп жатат. Алар жашаган сегиз кабаттуу үй толугу менен жарактан чыгып, 2-ноябрда жергиликтүү бийлик имаратты биротоло кулатууну чечкен.

Маектешим Саадат кулаган батирдин ичинде эң маанилүү документтери жана баалуу буюм-тайымдары калганына кейиди:

«Иним жер титиреген күнү дароо полицияга барып билдирүү калтырды. Жергиликтүү бийлик батирдин ичинде эмнелер бар экенин атайын тизме кылат экен. Үйдүн ичинде документтерибиз, ноутбук, телефондор калганын жазып бердик. Алар болсо «кийим-кечеге, анан батирге акча бөлүнөт» дептир. Ал эми учурда Измирде жагдай кооптуу. Улам кайрадан жер силкинип, коркуп отурабыз. Адамдар Кызыл чырым тургузуп берген чатырларда түнөп жатышат. Өкмөт тамак-аш, кийим-кече берип жатат. Жергиликтүү дүкөндөр элге акысыз азык-түлүк таратууда. Биз үчөөбүз тең эмгек визасы менен иштегендиктен мындай кырдаалда жергиликтүү калк эмнеге укуктуу болсо, биз да укуктуу болот экенбиз. Эң негизгиси - алты саныбыз аман калганыбызга сүйүнүп отурабыз».

Ал эми анын жеңеси Айгүл уулу экөө документтерин калыбына келтирүү менен алек экенин айтты:

«Биз жер титиреген күнү эртең менен жумушка эмне кийим менен кетсек, ошону менен калдык. Азыр эң маанилүү маселе уулумдун паспортун кайрадан жасатуу болуп турат. Анткени ураган үйдөгү батир уулумдун атына ижарага алынган. Эми түрк өкмөтү түзүп жаткан тизмеге паспортун алып барса убактылуу баш калкалаганга батир берет экен. Кыш келе электе ушундай жеңилдиктен колдонуп калбасак болбойт. Анткени азыр Түркиядан кыргыз паспортун ала албай калсак, мындай жагдайда Кыргызстанга да барууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Андыктан консулдуктан ыкчам бизге паспортубузду жаңыдан чыгарып берүүсүн талап кылат элек».

30-октябрда Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирүү таратып, «Түркиядагы зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жок» деп маалымдаган. Дипломатиялык өкүлчүлүк «Азаттыкка» кыргызстандык мигранттардын абалы боюнча кабардар экенин, тез арада расмий маалымат алмашуунун негизинде Кыргызстандагы тийиштүү мекемелерден уруксат келгенден кийин жаңы паспорттор даяр болорун кабарлады.

Зилзалада үйсүз калгандар убактылуу чатырларда турушат.
Зилзалада үйсүз калгандар убактылуу чатырларда турушат.

Ал арада 30-октябрдагы Измир аймагындагы зилзаладан каза болгондор 105 кишиге жетти. Миңден ашык жаран жабыркаганы кабарланды. Табигый кырсыктан жапа чеккен аймакта куткаруу иштери уланууда.

Жер титирөөдөн Измир аймагында 202 көп кабаттуу үй жараксыз деп табылып, бийлик аларды кулатып, ордуна жаңы турак жай салмак болду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG