Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Зилзаладан аман калган вандык Касым


Эржиш шаарындагы жер титирүүдөн кийинки имараттар. 26-октябрь, 2011-жыл.
Эржиш шаарындагы жер титирүүдөн кийинки имараттар. 26-октябрь, 2011-жыл.

2011-жылы 23-октябрда Түркиянын Ван аймагында 7,2 баллдык зилзала болуп, 644 адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын арасында вандык төрт кыргыз да каза болгон. Кырсык болгондон кийин 15 сааттан соң тирүү табылган Касым Каракаш башынан өткөндөрүн "Азаттыкка" айтып берди.

34 жаштагы Касым Каракаш - мындан жети жыл мурда болгон зилзаланын урандыларынан чыккан эки миңге жакын жарандын бири. Ал бул апаатта ата-энесин жана карындашын жоготкон. Касым Каракаш өзү оор жаракат алган.

"Азаттык": Жети жыл мурда Ван аймагында болгон зилзалада оор жоготууга дуушар болгонсуз. Ошол каргашалуу күндү бизге айтып бере аласызбы?

Касым Каракаш: Жер титиреген күн жекшемби болчу. Бир ай мурун ата-энем, карындаштарым менен айылдан Эржиш шаарына көчүп келгенбиз. Ошондо эмнегедир күз абдан суук болуп, жаан жааган. Атам экөөбүз залда отурганбыз, кыздар ашканада болчу. Түшкү саат 13.40та жер титирегенин сезе баштадык. Дароо катуу силкинди.

Атамдын жанына жөрмөлөп барып: "Коркпоңуз!" деп, анын үстүнө жатып алдым. Ата-энеме абдан сарсанаа болдум. Көп өтпөй апаат башталды. Терезелер сынып, дубалдар урай баштады. Биз төрт кабаттуу үйдүн биринчи кабатында элек. Бир маалда көзүмдү ачсам капкараңгы. Бардык жерим кыпчылып калыптыр. Ошол маалда аябай ыйладым. Эч кимдин үнүн уккан жокмун. Канча убакыт урандылардын арасында жатканымды билген жокмун. Бир маалда бульдозердин үнү чыкты. Көрсө мени 15 сааттан кийин таап чыгышыптыр.

Шиван Каракаш менен Хурма Каракаш зилзалада набыт болушкан. 2011-жыл.
Шиван Каракаш менен Хурма Каракаш зилзалада набыт болушкан. 2011-жыл.

Атамдын дүйнөдөн кайтканын зилзаладан кийин эле түшүндүм. Анткени үнү тургай дабышы да чыккан эмес. Экөөбүз жакын эле болчубуз.

Анан баягы үндөр көбөйүп отуруп үстүмдөгү урандыларды каза башташканын сездим. Кудай жалгап аскерлер урандылардын арасынан мени да чыгарышты. Казуу иштери уланып, менин жанымдан эле атамдын сөөгүн таап чыгышты. Бул зилзалада ошентип биздин үй-бүлөдөн ата-энем жана карындашым менен кош айтыштык.

"Азаттык": Албетте, бул абдан чоң жоготуу. Зилзаладан кийин ден соолугуңуз кандай эле? Ошол күнү эки миңден ашык киши жабыркаган экен. Жеткиликтүү дарылана алдыңызбы?

Касым Каракаш: 5-6 ай ооруканада жаттым. Колума, ички органдарыма операция жасашты. Көп жолу реанимацияга жатып чыктым. Кийин мени туугандарым Улуу Памир айылына чыгарып кетишти. Айылда эки жыл бою төшөктө жатып калдым. Бул мен үчүн өтө оор болду.

Касым Каракаш карындашы Гүлсүм менен Улуу Памир айылында.
Касым Каракаш карындашы Гүлсүм менен Улуу Памир айылында.

Бир тууган агамдын эки баласы мага тамак берип, жуундуруп, дарыларымды берип багышты. Бир жарым жыл өткөндөн кийин ошол эки өспүрүм бала мени үйдүн ичинде бастыра баштады. Эки жылда таяк таянып басып калдым. Мага негизи ошол айылдагы урук-туугандар эле психолог болушту. Таяке-жээндерге, агама, карындаштарыма ыраазымын.

Азыр эми жыл сайын ушул 23-октябрда айылдагы ата-энемдин жана карындашымдын мүрзөсүнө келип куран окуп, дуба кылып турам.

"Азаттык": Азыр эмне иш менен алексиз? Жашоо кандай уланып жатат?

Касым Каракаш: Азыркы турмушум Кудайга шүгүр. Түрк өкмөтү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга көп колдоо көрсөттү. Шаардын четинен үй салып берди. Азыр ошол үйдө карындаштарым менен турам. Алар иштешет. Мен да Эржиш шаарынын мэриясында тазалоочу болуп иштейм. Жумасына бир күн эс алам. Айлыгым өзүмө жетет.

Касым Каракаш. Октябрь, 2018-жыл.
Касым Каракаш. Октябрь, 2018-жыл.

Азыр эми жети жыл мурдагы зилзаладан эч нерсе калган жок. Жараксыз турак жайлардын баарын алып таштап, ордуна жаңы үйлөрдү, мектептерди, ооруканаларды салып коюшту.

Келечекте үйлөнсөм, карындаштарымды университетте окутсам деп максат кылам. Жашоо уланат эмеспи. Андыктан алдыга карай умтулуу гана керек.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

2011-жылдын 23-октябрында Түркиянын Ван аймагында жер титиреп, анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылы дал ушул Эржиш райондук администрациясына карайт. Улуу Памир айылын 1986-жылы Ооганстандан келген кыргыздар үчүн түрк өкмөтү атайын салып берген. Айылда жалпысынан 2 минге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Түркияда жалпысынан беш миңге жакын вандык кыргыздар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG