Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Путин Жапаровду жеңиши менен куттуктады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Куттуктоосу Кремлдин расмий баракчасына жарыяланды.

Анда Путин Жапаровдун мамлекет башчы катары ишмердиги Орусия менен Кыргызстан элинин достук мамилесин чыңдоого, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө салым кошоруна ишеничин билдирген.

Орусия президенти куттуктоосунда ошондой эле эки өлкөнүн стратегиялык жана союздаш мамилесин, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ сыяктуу уюмдар менен ар кыл тармактары аркылуу жемиштүү кызматташтык боюнча чоң тажрыйбасын белгилеген.

Буга чейин Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу куттуктаган. Анын алдында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагы жана Twitter аркылуу таратты.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңеши сыяктуу уюмдар шайлоонун жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 адам добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын.

10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана референдум өттү. президенттик кызматка 17 талапкер ат салышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG