Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору 19-январга чейин камакка алынды


«Бишкек» эркин экономикалык аймагы.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагы.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев 19-январга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди 9-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

Атайын кызмат «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалганын 6-январда кабарлаган.

УКМКнын билдирүүсүндө, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик ишканасында иликтөө жүрүп, коррупциялык схема аныкталган. Маалыматта мекемени 2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке акча которууда мыйзам бузулганы, бир катар сатып алуу иштеринде, каражаттарды колдонууда жемкорлук болгону аныкталганы айтылат.

Бул мезгил аралыгында ишкананы Дүйшөн Ирсалиев башкарган.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймакка бир катар экономикалык жеңилдиктер берилип, 346,09 гектар аянттагы атайын жер бөлүнгөн.

Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталган, анын 58и биргелешкен ишкана. Расмий маалыматка караганда, ал жерде жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иш алып барат.

Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда мекемеге журналист Кудрет Тайчабаров жетекчи болуп дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG