Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Коронавирус соңку бир суткада дагы 107 адамдан табылды, көбү Бишкекте


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-январга карата Кыргызстанда дагы 107 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 380 адамга жетти. Алардын 78 003ү сакайды. Соңку бир күндө 101 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1371 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 82;
  • Ысык-Көл облусунда - 10;
  • Чүй облусунда – 8;
  • Баткен облусунда - 4;
  • Ош облусунда - 2;
  • Жалал-Абад облусунда - 1 киши;

Ош шаарында, Талас жана Нарын облустарында бул суткада оору чыккан жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 11-январда 90 миллион 260 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 934 миңден көп. (SE)

XS
SM
MD
LG