Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

Бактыбек Рысалиев: Жапаров инаугурациядан кийин өкмөт башчылыкты тапшырат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңгени расмий жарыяланса, ал өкмөт башчылык кызматка кайтпай, инаугурацияны күтөт. Мамлекет башчы катары ант берген соң өкмөт башчылыкты расмий тапшырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев «Азаттыкка» билдирди.

Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктын коштоосундагы бийлик алмашуудан кийин өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Андан соң президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кызматтарды тапшырган.

Учурда өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер министр Артем Новиков, президенттин милдетин Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов аткарууда.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарыларын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG