Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Пандемия ички туризмге көңүл бурууну эстетти


Караколдогу кышкы эс алуу жайында тартылган сүрөт. 2012-жыл.
Караколдогу кышкы эс алуу жайында тартылган сүрөт. 2012-жыл.

Коронавирус кризисинен улам эл аралык туризм жаатындагы адистер бул жылы керемет күтүшпөйт.

Британиялык «The Guardian» басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттай турган мамлекеттердин катарына кошту. Өкмөт жана туроператорлор ички туризмди өнүктүрүүгө басым жасашууда. Бирок каржылык тартыштык бар.

Пандемиянын соккусу

Шамурат Матиев бир канча жылдан бери Алайдын тоолуу Сары-Таш айылында чет элдик туристтерди тейлейт. 2020-жылы ага болгону эки конок келген.

"Экөө тең Европадан январда жана февралда менин конок үйүмдө жашап, саякаттап, үйлөрүнө февралдын этегинде кетишкен. Анан эле Кыргызстанда коронавирус жайыла баштады. Ошону менен баары токтоду. Ага чейин мен жыл сайын 150-200 чет элдик туристти тейлечүмүн. Аларга конок үй, экскурсия кызматтарын көрсөтөм".

Шамурат 2021-жылы туристтердин агымы жанданат деп үмүт кылып турат.

Шамурат Матиев
Шамурат Матиев

Расмий эсептерге таянсак, 2019-жылы Кыргызстандын туризм тармагынан түшкөн кирешеси 630 миллион сомго жеткен.

2020-жылы өлкөдөгү туризмдин кирешеси дээрлик 90% кыскарганы Бириккен Улуттар Уюмунун изилдөөсүндө айтылды. Туризм департаментинин маалыматына караганда, туристтик компаниялардын 10% пандемиядан жабыркап, банкрот болду.

Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз жайлоосу.
Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз жайлоосу.

Британиялык «The Guardian» басылмасы 2021-жылы туристтерге саякат үчүн кооз жаратылышка ээ 12 мамлекеттин тизмесин сунуш кылды. 3-январда чыгарылган тизменин сап башында Кыргызстан турат, андан тышкары, Исландия, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Украина жана башка мамлекеттер бар. Бирок саякаттын баары коронавирус пандемиясына көз каранды экени белгиленген.​

Үмүт ички туризмде

Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун оюнча, бул жылы да эл аралык туризмден күтүлгөндөй жыйынтык чыкпашы мүмкүн.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

“Анткени чек аралар толук ачылат деген кепилдик жок. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып көрсөк, алар сырткы мүмкүнчүлүктөр азайганда ички туризмди өнүктүрүшөт. Өткөн жыл саламаттык канчалык маанилүү экенин көрсөтпөдүбү, ошондуктан биз Ден соолук туризмине көбүрөөк көңүл буралы деп турабыз. Бизде саламаттыкты чыңдоого багытталган туристтик жайларыбыз көп".

Кадырбеков тармакты өнүктүрүү үчүн каржылык тартыштык бар экенин кошумчалады. Маселени инвесторлордун жардамы менен чечүү аракети жүрүүдө. Бул үчүн Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык уюмдардан жардам алынат.

“Туризм департаменти тармакты көтөрөт деп керемет күтө беребиз. Бирок бюджети 4 миллион сом. Ал каражат ошол жерде иштеген 11 кызматкердин маянасына эле кетет”, - деди министр.

Анын белгилешинче, аймактык ребрендингге басым жасалмакчы. Айгүл гүлүнө же өрүккө байланыштырып, “Кыргыз сакурасы” деген аталышта Баткенди, “Жайдагы жаз” же “Кеч келген көктөм” деп Нарынды даңазалоо, туристтерди чакыруу пландары иштелип чыгууда.

Кадырбеков менен маекти бул жерден толук угуңуз

Туркомпаниялар ассоциациясынын жетекчиси Эрмек Мырзабеков да ички туризмди өнүктүрүү зарылчылыгы күн тартибинде турганын айтат. Бирок чет элдик туристтерге шарт түзүп, аларды өлкөгө чакыруунун жолдорун издөө да биринчи планда болууга тийиш экенин билдирди:

“Бишкектин четиндеги “Манас” аэропорту геолокация жагынан алганда аябай ыңгайлуу жерде жайгашкан. Бирок эл аралык учуулар өтө аз. Жаныбыздагы Алматы шаарына чет элден түз каттамдар көп. Анын эсебинен биз чет элдик туристтерди колдон чыгарабыз. Андыктан "Манасты" эл аралык башкарууга берсек, авиакаттамдар көбөйөт. Мындай ыкманы башка мамлекеттер колдонуп эле жүрөт. Ал эми ички туризмди өнүктүрүү үчүн ички каттамдардагы кошумча нарк салыгын алып салуу керек. Ош-Бишкек каттамынан тышкары, Ош-Каракол, Ош-Тамчы, Жалал-Абад-Каракол сыяктуу каттамдарды такай жолго коюу зарыл. Ошондо жарандар аймактарга жайында гана эмес, кышында да каттап, туризм өнүгөт. Бул тууралуу өкмөткө сунуштарды берип жатабыз. Андан тышкары, 1994-жылы кабыл алынган "Туризм жөнүндөгү " мыйзам бар. Тилекке каршы, андагы эрежелер азыркы замандын, рыноктун талабына жооп бербейт. Мыйзамды жаңылоо зарыл”.

Туркомпаниялар ассоциациясынын эсебинде 2019-жылы Кыргызстанга чет мамлекеттерден миллиондой турист келген. Ал эми расмий маалыматтарда 2012-жылдан бери жылына 3-4 миллион турист келип турган. 2020-жылдагы эсеп азырынча белгисиз.

Ысык-Көлдөгү Жыргалаң өрөөнү.
Ысык-Көлдөгү Жыргалаң өрөөнү.

Ал эми Алайда турист күткөн жеке ишкер Шамурат Матиев быйылкы жылга илгери үмүт менен даярданууда. Ал чет элдик коноктордун санын көбөйтүү үчүн бааларды арзандатууну сунуш кылууда.

“Конок үйлөрүнүн бир күндүк баасы 800 сомдон башталат. Ошону балким бир аз арзандатып, “чет элдик конокко биринчи күн акысыз” деген акцияларды уюштурсак, алар башка досторуна жайылтат. Ушул жол менен конокторубуздун санын көбөйтөбүз. Андан тышкары айлана-чөйрөдөгү тазалык, гигиена эрежелерине жооп берген кызматтарды уюштуруу - өтө маанилүү”.

Шамураттын божомолунда жай айларына барып, Кыргызстанда чет элдик коноктордун саны көбөйүшү ыктымал.

2020-жылы CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги туристтер үчүн кызыктуу 24 өлкөнүн бири деп атаган эле.

XS
SM
MD
LG