Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Кыргызстанда туризмдин көлөмү 90% кемиди


Суусамыр өрөөнү, 2018-жыл, июль айы.
Суусамыр өрөөнү, 2018-жыл, июль айы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы (UNDP) өткөргөн туризм тармагында иштегендер үчүн онлайн тренингде 2020-жылы өлкөдө туризм тармагынын 90% киреше ала албай калганы айтылды.

Аталган программа Кыргызстанда «окуялуу туризмди өнүктүрүү» багытында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустунун ишкерлери үчүн аралыктан окутуу уюштурган.

30-ноябрда тренингдин ачылышы болду. Анда Кыргызстандагы туризмдин кирешеси 2020-жылы COVID-19 вирусунун айынан 80-90% азайганы белгиленди. UNDP уюштурган окутууларга 25 ишкер катышууда.

Иш-чара Туризм департаменти менен бирге өтүп, соңунда катышуучуларга «Туристтик ишмердүүлүктү башкаруу» тармагы боюнча мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет.

Ишкерлер окуялуу туризм, менежмент, англис тили жана туризмдеги санариптик технологиялар багытында билим алып жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG