Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Ишкерлерге үмүт берген кышкы туризм


Эc алып отурган сноубордчу.
Эc алып отурган сноубордчу.

19-декабрда Кыргызстанда кышкы туристтик мезгил расмий ачылды. Бул кышта Кыргызстанда кар ноябрда эле мол жааганына байланыштуу туристтик сезон эрте башталды. Адистер бул пандемиядан жабыркаган туризм тармагына чоң жардам болот деп үмүттөнүшүүдө.

Кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 19-декабрда Бишкектин четиндеги Чуңкурчак тоо-чаңгы (лыжа) комплексинде өттү. Иш-чара оюн-зоок, концерттик программалар менен коштолду.

Кыргызстанда 23 тоо-чаңгы базасы бар. Кар түшкөндөн бери алар кадимки иш тартип менен иштеп жатат.

Быйыл Караколдо кар эрте түшүп, чаңгы тепкендер ноябрдын этегинде эле көбөйө баштаган. Бирок жылдагыдай чет жерден келген туристтер дээрлик жок.

«Негизинен бизге жергиликтүү туристтер келип жатышат. Биз пандемияга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөткөнбүз. Киши көп, мурдагыдай эле иштеп жатабыз», - деди Каракол чаңгы базасынын администратору Татьяна.

Быйыл пандемияга байланыштуу туризм тармагы аскап турат. Айрыкча жайкы туризмге ылайыкташкан компаниялардын 20% пандемиядан жабыркап банкрот болгон. Калган компаниялар учурда ички туристтерге көңүл буруп, өлкө ичинде саякаттоочу турларды уюштурушууда.

«Тоодо жөө жүрүүчүлөр» бирикмесинин жетекчиси Марат Данилов кышкы туризм Кыргызстанда ойдогудай өтөт деген пикирде.

Марат Данилов.
Марат Данилов.

«Жайкы туризм 90-95% чейин түшүп кетти, - деди ал. - Чет элден бирин-серин эле турист келбесе, туристтер дээрлик келген жок. Ал эми кышкы туризм көбүнчө жергиликтүү элге багытталган. Абал азыркыдай туруктуу болуп, оору-сыркоодон тышкары болсок, кышкы туризм ойдогудай эле болот деп ойлойм. Анткени элдин баары сыртка чыкканды, таза абага барганды каалап калыптыр. Демек элдин баары барат. Жергиликтүү туристтерден сырткары тоодо өз алдынча чаңгы тепкен туристтер бар. Алар Европадан жана башка өлкөлөрдөн келип чаңгы тебишчү. Азыр Европанын Германия, Швейцария өңдүү мамлекеттери коронавируска байланыштуу карантинге жабылып жатышат. Келе турган туристтер менен байланышканыбызда, алар үчүн Кыргызстан ачык экенин, бирок Кыргызстанга келип, өз өлкөсүнө кайткан учурда карантинге отуруп, айлыктарын ала албай калышы мүмкүн экенин айтышууда. Андыктан Европадан келе турган туристтер азайышы мүмкүн. Бирок жергиликтүү чаңгы тебүүнү каалагандар азайбайт деп ойлойм».

Ал арада Кыргызстандын Туризм департаменти чет жерден туристтерди тартууга аракеттенүүдө. Мекеме чет жаткан келе турган туристтер үчүн жакынкы мамлекеттерден чартердик авиа каттамдарды уюштурууну сунуш кылганы менен азырынча ал иш жүзүнө аша элек.

Аталган мекеменин директорунун орун басары Кыял Кенжематова «Азаттыкка» буларды айтты:

«Биз жарым миллионго жакын турист алып келебиз деп сүйлөшүп алып, азыр даяр эле турабыз. Тилекке каршы, бул комплекстүү маселе. Дайыма учуучу аба каттамдарын көбөйтүү боюнча жана кошуна өлкөлөрдөн - Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен жумасына эки жолу, сырттан келген гана туристтер үчүн «Манас» жана Тамчы аэропортторуна туристтик чартердик авиа каттамдарды уюштуруп бергиле деген өзүбүздүн сунушту штабга жибергенбиз. Коңшу өлкөлөр менен дайыма болуп турган авиакаттамдар аз болуп, болсо да ал бат эле толуп калып жатат. Азыр Новосибирск шаарынан Тамчы аэропортуна түз аба каттамы ачылып, туристтер түз эле Караколго чаңгы тепкени же тоону көрөбүз дегендери Жети-Өгүзгө өтүп кетип жатышат».

Андан сырткары Туризм департаменти 2021-2025-жылдар аралыгында кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыккан. Ага ылайык туристтер үчүн кызыктуу программаларды иштеп чыгуу, кышкы туризмге инвестиция тартуу, ички туризмди өнүктүрүү жана туристтердин коопсуздугун сактоо боюнча иштер каралган.

Жарандык активист жана туризм боюнча адис Максат Чакиев азыр мамлекет туристтерди тартыш үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл алышы керек экенин белгиледи:

Максат Чакиев.
Максат Чакиев.

«Пандемия бизди беш жыл артка ыргытып салды. 2014-2013-жылдардагы көрсөткүчтөргө жетиш үчүн бизге кеминде 4-5 жыл керек болот. Пандемиядан кийин деле туристтерди тартууга үч-төрт жыл кетет. Анткени туризм боюнча лидер өлкөлөр, мисалы Франция, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары биринчи кезекте туристтерди өзүнө тартат. Андан калган туристтер анан бизге келе баштайт. Ага эки-үч жыл керек болот. Ошондуктан азыр пандемиядан кийинки убактагы туристтик программаны кабыл алышыбыз керек. Азыр биз биринчи кезекте менежментти эмес, маркетингди жакшы түзүшүбүз керек. Азыр бизге туризмди башкаруу эмес, туристтер керек. Анткени туристтердин өздөрү жок болуп жатат».

Бириккен Улуттар Уюмунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, Кыргызстандагы туризмдин кирешеси 2020-жылы COVID-19 вирусунун айынан 80-90% азайган.

XS
SM
MD
LG