Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Маданият министри талаштуу шоуга катышкан ырчылардын ишмердигине чектөө коюларын айтты


Курал Чокоев.
Курал Чокоев.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кызуу талкууланып жаткан «В пи#ду звезду» маанайшат программага комментарий берди. Ал аталган видеодолбоордогу эки ырчынын «жоругу үчүн» кыргызстандыктардан кечирип сурап, алардын клиптери жана ырлары өкмөткө караштуу медиа борборлор аркылуу мындан ары көрсөтүлбөй турганын айтты. Андан тышкары көз каранды эмес маалымат каражаттарына да ушундай сунуш киргизүү, эки ырчынын концерттерине тыюу салуу маселеси каралып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал адеп-ахлакты көзөмөлдөө үчүн маданият өкүлдөрүн лицензия менен иштей турган эреже киргизүүнү демилге кылды.

«YouTube» порталына жарыяланып жаткан шоуну ырчы Курал Чокоев жана башка алып баруучу топ даярдайт. Анда сөгүнгөн жана уят сөздөр колдонулат.

Шоунун бир чыгарылышына ырчылар Кайрат Кыргыз (Салмакеев), дагы бирине Кайрат Примбердиев катышкан.

Авторлордун бири Курал Чокоев шоуну даярдоодо кемчилик болгонун билдирип, конокторго алдын-ала программанын шарты түшүндүрүлөрүн, макулдугун алган соң гана даярдаларын айтты. Чокоев долбоорун токтотпой турганын кошумчалады.

Кайрат Примбердиев бул шоуга каршы чыгып жаткандарга кайрылып, коррупционерлерге, үрөй учурган кылмыштарды жасаган адамдарды актаган сотторго, мыйзамсыз иштерди жаап-жашырган укук коргоо органдарына да ушундай айбат көрсөтүүнү сунуш кылды.

Министр Нуржигит Кадырбеков шоуга катышкан ырчылар кечирим сурабаса, берилген мамлекеттик наамдардан, сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө сунуш президентке берилерин, мекемелик сыйлыктардан ажыратыларын билдирди.

Кайрат Примбердиев 2017-жылы «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамын алган. Интернеттеги ачык булактарда Курал Чокоев жана Кайрат Салмакеев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси экени тууралуу маалыматтар бар.

Январдын башында интернетке чыгарыла баштаган бул шоу 18+ деп белгиленип, уят сөздөр айтылары башында көрөрмандарга эскертилет. (SE)

XS
SM
MD
LG