Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Финпол: Мамыркалиев мамлекетке 2,5 млн. сом кайтарып, үй камагына чыгарылды


Эрмек Мамыркалиев.
Эрмек Мамыркалиев.

Бишкек-Ош жолундагы коррупциялык схемага байланыштуу шектүү катары кармалган Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында Эрмек Мамыркалиев 9-январь күнү өз эрки менен мамлекетке келтирген зыяндын бир бөлүгүн төлөп, бюджетке 2,5 млн. сом төгүп берди. 9-январь күнү Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарды.

Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев Бишкек-Ош мамлекеттик жол дирекциясынын айрым кызматкерлери менен кошо коррупциялык схемага аралашкан деген шек менен 7-январда кармалган. Бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, министрликтин 30дан ашуун кызматкерине кылмыш иши козголгон.

Аталган коррупциялык схемадан мамлекет 20 млн. сом зыян тартканы белгиленген. Анын 16 млн. сомдон ашууну төлөтүлгөн. Финполдун маалыматына ылайык, бул коррупциялык схема Бишкек-Ош жолундагы тоннелдерди тейлөөчү «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттериндеги автоунаа кыймылын көзөмөлдөөдө колдонулган. Тергөө аныктагандай, 2018-жылы аталган бекеттерге автоматташтырылган аппараттык-программалык комплекс орнотулган. Финансы полициясы буга карабай, бекеттердин айрым кызматкерлери министрликтеги айрым жогорку кызматта отурган жетекчилердин коргоосу менен, мыйзамсыз баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы узак убакыт бою системаны өзгөртүп, маалыматтарды алмаштырып келишкенин билдирүүдө.

Финпол бул факт боюнча ачылган сотко чейинки териштирүү иши тергелип бүтүп калганын кабарлады.

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн ар бир жеңил, жүк ташуучу, жергиликтүү жана чет элдик автоунаалар өзүнчө тариф менен акы төлөшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG