Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Жапаров конституциялык реформа боюнча оюн билдирди


Садыр Жапаров басма сөз жыйынында. 10-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров басма сөз жыйынында. 10-январь, 2021-жыл.

Референдум аркылуу өзгөртүлмөйүнчө азыркы Баш мыйзам иштеп турарын президенттикке талапкер Садыр Жапаров 10-январда шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, референдум июнь айына чейин өтөт.

«Эл президенттик башкарууну тандады. Эми Конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш референдумдун күнүн дайындайт. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин саясий реформа жүргүзөбүз. Бийликтин, өкмөттүн жаңы түзүмү, жаңы Жогорку Кеңеш болот. Жогорку Кеңеш дагы бир мандаттуу округдардан жана жарымы партиялык система менен шайланат. Мунун бардыгын биз 1-июнга чейин бүтүшубүз керек. Себеби, биз саясий жараяндарды 1-июнга чейин бүтүрүү тууралуу мыйзам кабыл алганбыз.»

Садыр Жапаров 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча атаандаштарынан кыйла алдыда, 79,20% добуш алды.

Садыр Жапаровду 6-октябрга караган түндө тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алышкан. 14-октябрь күнү өкмөт башчы болуп дайындалып, 16-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

Бир ай өтпөй, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындап, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү максатын билдирген. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилерин айткан. Кыска убакытта Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору жазылган.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, биринчи окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.

10-январда Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдуму болуп өттү. Президенттикке 17 талапкер катышкан.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, референдумга добуш бергендердин 80,97% президенттик башкаруу формасын, 10,95% парламенттик башкаруу формасын колдогон. 4,45% экөөнө тең каршы болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG