Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Жаңы президент шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийинки бир ай аралыгында ишке кирет


10-январь, 2021-жыл.
10-январь, 2021-жыл.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди. Төрайымдын айтымында, «расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат».

Ошол эле учурда бул жолку президенттик шайлоо кезексиз өткөнүнө байланыштуу добуштарды эсептөөнүн мөөнөтү да кыскарат.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. БШК добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 39% ашууну катышканын маалымдады. БШКнын билдирүүсүндө, 23:00гө карата добушканалардын 98% автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматтары келип түштү.

Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын 79,16% Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты. Экинчи орунда 6, 69% добуш алып Адахан Мадумаров келатат.

Кыргызстандын президенттигине 17 талапкер ат салышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG