Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

«Эл аралык толеранттуулук фонду»: Добуш берүү күнү бир катар мыйзам бузуу фактылары катталды


Шайлоо участогу. Каракол шаары. 10-январь, 2021-жыл.
Шайлоо участогу. Каракол шаары. 10-январь, 2021-жыл.

«Эл аралык толеранттуулук фонду» Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга добуш берүүдө Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусу боюнча 15 аймактык шайлоо комиссиясында байкоо жүргүздү.

Фонд байкоочулар 25 олуттуу мыйзам бузуу фактыларын каттап, тиешелүү акт түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жибергенин кабарлады. Анда:

«Биздин байкоочулар добуш берүү күнү кырдаал туруктуу болгонун, бирок айрым мыйзам бузуу менен коштолгонун белгилешти. Суукка карабай, шайлоочулар добуш берүүгө келишти. Социалдык аралыкты кармоо тууралуу талап сакталган жок, айрым шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба албай, добуш бере албай калышты. Добуштарды автоматтык эсептөөчү үкөктүн иштебей калышы участокто элдин көбөйүшүнө шарт түздү. Мындан тышкары айрым участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуларга бюллетенди үкөккө таштоодо «жардамдашканы» добуш берүүнүн купуялыгын бузду», деп жазылган.

Кыргызстандагы 10-январдагы кезексиз шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардан миңден ашуун байкоочу көз салды.

1,5 миңден ашуун шайлоо участогуна байкоочу койгон kloop.kg уюму 10-январдагы шайлоо одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун маалымдаган. Анын ичинде айрым участкалык шайлоо комиссиялары байкоочулар менен журналисттердин ишине бут тосуп, айрымдарын добушканадан сыртка чыгарып койгону айтылат.

ШКУнун байкоочулар миссиясы 10-январдагы шайлоо ачык жана акыйкат өттү деп тааныганын билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG