Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Шайлоо жараянында мыйзам бузууга байланыштуу 112 факт катталды


Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум өткөрүү жараянында мыйзам бузууларга байланыштуу 112 факт катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орунбасары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Даттануулардын 78и 10-январга чейин, 34ү 10-январда (шайлоо күнү) катталган. Анын 102си териштирилип, чечим чыгарылган. Жети фактынын үстүнөн кылмыш катары, үч фактынын үстүнөн жорук катары сотко чейинки териштирүү башталган.

Кылмыш катары иликтенип жаткан фактылар Ош шаарында эки, Жалал-Абад облусунда эки, Бишкек шаарында, Нарын жана Ош облустарында бирден. Ал эми жорук катары Чүй, Баткен, Ош облустарында бирден факты иликтенүүдө.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо 580 мыйзам бузуу аныкталган.

10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда 11 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөдү.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго 79% көбүрөөк добуш алды.

Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондон 11% жакын. (SE)

XS
SM
MD
LG