Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Арстанбап айылынын тургуну айылына спорт зал куруп берди


Ишкер куруп берген мектептин ачылышы. Арстанбап. Базар-Коргон району. 13-январь, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.
Ишкер куруп берген мектептин ачылышы. Арстанбап. Базар-Коргон району. 13-январь, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын тургуну, Орусияда эмгектенген мигрант Кубатбек Досматов айылына спорт зал куруп берди. Спорт зал 500дөн ашуун окуучусу бар Кош-Терек орто мектебинин короосуна курулду. Каражатты ишкер берсе,устачылыкты жалпы айыл эли колго алган.

Жеке ишкерден жергиликтүү эл спорт зал куруп берүүсүн өтүнүп, эки жыл мурун кайрылышкан. Кош-Терек орто мектеби да ашар ыкмасы менен 2005-жылы тургузулган.

Мигрант ишкер Кубатбек Досматов былтыр айылына башталгыч класстар үчүн мектеп куруп берген. (TB)

XS
SM
MD
LG