Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогулууда


Ала-Тоо аянтына чогулган эл. Бишкек шаары. 11-январь, 2021-жыл.
Ала-Тоо аянтына чогулган эл. Бишкек шаары. 11-январь, 2021-жыл.

Ушул тапта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында көчмө сахна орнотулуп, музыка ойнотулууда. Аянтка президенттикке талапкер Садыр Жапаров келип, шайлоочуларына ыраазычылык сөзүн айтарын талапкердин штабынан "Азаттыкка" 11-январда кабарлашты. Аянтта ошондой эле айрым эстрада ырчылары концерт берери айтылды.

Буга байланыштуу Ала-Тоо аянты аркылуу өткөн Чүй проспекти 11-январда саат 13:00дөн тартып убактылуу жабыларын шаардык кайгуул-күзөт кызматы да маалымдады.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алган.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 адам добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдумундагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын.(ZKo)

XS
SM
MD
LG