Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт


Бишкектеги кыш. Декабрь, 2020-жыл.
Бишкектеги кыш. Декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда 12-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9; күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -7…-12 градус болот.

12-январда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 9…11° болот.

XS
SM
MD
LG