Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Конгресстеги демократтар Трамптын ыйгарым укуктарын токтотууну көздөп жатышат


Дональд Трамп.

АКШ Конгрессиндеги демократтар ушул аптада президент Дональд Трамптын ыйгарым укуктарын токтотууну көздөп жатышат.

Бул үчүн эки жол каралууда. Эгерде вице-президент Майк Пенс жана өкмөт Трампты кызматтан четтетиш үчүн Конституциянын 25-толуктоосун пайдаланбаса, демократтар президентке импичмент жарыялоого киришет. Бул тууралуу Өкүлдөр Палатасынын спикери Ненси Пелосинин 10-январда Конгресске жазган катында айтылат. Демократтар 6-январдагы Капитолийге чабуул койгон мыйзамсыз жоруктун шыкакчысы катары президент Трампты аташууда.

Өкүлдөр Палатасы 11-январда вице-президент Майк Пенске Конституциянын 25-толуктоосун ишке ашырууга чакырган расмий кат тапшырат. Эгер Пенс 24 саат ичинде жооп бербесе, демократтар Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын башташы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG