Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Жапаров: Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө саясий эрким жетет (видео)


Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында. Бишкек шаары. 11-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында. Бишкек шаары. 11-январь, 2021-жыл.

«10-январда кыргызстандыктар мамлекет башчысын жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолун тандады». Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында шайлоочуларынын алдында сүйлөп жатып билдирди:

«Оор жүктүн салмагын сезип турам. Мага Кыргызстан оор убакытта тийди. Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө демилгелерим бар, саясий эрким да жетет. Карызга баткан өлкөбүздү мекен үчүн деп каржала иштеп, өнүктүрүшүбүз керек. Кыргызстан бизге ата-бабалардан мураска калган».

Жапаров президенттик шайлоодогу атаандаштарына да ыраазычылык билдирип, алардын саясатта кадыр-баркы, тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Ал атаандаштарын мекенди өнүктүрүү максаты үчүн сыйлай турганын айтып, ар бир атаандашы менен кеңешип, баарлашууга чакырарын билдирди.

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишин майрамдаган иш-чара өтүп жатат. Анда айрым эстрада ырчылары концерт беришүүдө.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 шайлоочу добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга катышкандардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын. (ZKo)

XS
SM
MD
LG