Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Жапаров: Мындан ары Кыргызстанда мыйзамдын диктатурасы орнойт (видео)


Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында. 11-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында. 11-январь, 2021-жыл.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров оппоненттеринин кеп-кеңешин, сынын угуп, кызматташууга даяр. Ал бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ала-Тоо аянтында шайлоочуларына ыраазычылык билдирип жатып айтты. Жапаров туура эмес кетсе сындап, туура жолго салып, кеп-кеңешин берип турууну шайлоочуларынан суранды:

«Бирок туура эмес иш кылбайбыз. Улуттук долбоор деңгээлинде иш баштайбызбы, кандай гана иш болбосун ачык болот. Кимде-ким эгер каршы чыга турган болсо, Өкмөт Үйүндө иш болуп турган жерге чакырып, ачык-айкын ар бир ишти көрсөтүүгө, алар менен талкуулоого даярбыз. Мындан ары көчө оппозициясы болбой, оппоненттер, башка жарандарыбыз биздин кабинеттерге келип, отурумдарга катышып, оюн айтуусуна шарт түзүп беребиз. Мындан ары демократиялык иш алып барабыз. Мурункудай бир бөлмөгө жашынып алып, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн иштөө болбойт».

Садыр Жапаров шайлоого эл аз катышты деген сын-пикирлерге жооп берип, муну ички, тышкы миграция жана №2 форманын алынып салынганы менен байланыштырып, 40% шайлоочуну 100% деп эсептөөгө болот деген пикирин айтты.

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишин майрамдаган иш-чара өттү. Анда айрым эстрада ырчылары концерт беришти.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% добуш алды.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 киши добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын. (ZKo)

XS
SM
MD
LG