Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Азербайжан президенти жана армян премьер-министри Москвада жолугушат


Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө Москвада Азербайжан жана Армениянын лидерлери менен жолугат. Бул кездешүү Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу үчүн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан бери эки айдай убакыттан кийин өтүп жатат. Лидерлер анда келишимди ишке ашыруу маселелерин талкуулашмакчы.

Кремль бул жолугушуу Владимир Путиндин демилгеси менен өтүп жатканын белгиледи. Анын басма сөз кызматы "үч өлкөнүн лидерлеринин 2020-жылдын 9-ноябрындагы Тоолуу Карабак тууралуу билдирүүсүн ишке ашыруунун жүрүшү" талкууланат деп кабарлады.

"Согуштук аракеттерде жабыркаган тургундарга жардам берүү маселесине, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарды кайра ачууга өзгөчө көңүл бурулат. Владимир Путин Илхам алиев жана Никол Пашинян менен өз-өзүнчө жолугушат", деп айтылат Кремль тараткан билдирүүдө.

Армян премьер-министри Никол Пашинян Москва сапарынын алдында "Фейсбуктагы" баракчасына келишимдеги эң маанилүү шарттардын бири туткундарды, барымтада жана камакта жаткан адамдарды, ошондой эле маркумдардын сөөгүн алмашуу экенин жазды.

Үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдардын башына чейин өзү көзөмөлдөгөн аймактарды эле эмес, дагы бир катар райондорду, анын ичинде Карабактын байыркы борбору Шуша шаарын да алды.44 күнгө созулган куралдуу кагылышта эки тараптан 4700 миңден көп киши мерт болгон.

Ок атууну токтоткон келишимдин дагы бир шартынан улам Орусиянын эки миңдей аскери Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуучу катары киргизилген. Алар учурда Арменияны бул аймак менен байланыштырып турган Лачын өткөөлүн да кайтарып жатат.

XS
SM
MD
LG