Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Жапаров инаугурацияда ашыкча чыгымга, жолду жабууга каршы болду


Садыр Жапаров, шайланган президент.
Садыр Жапаров, шайланган президент.

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап Филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды.

Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов «Азаттыкка» ырастады.

Анын айтымында, Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом чыгым кетирүүгө да каршы экенин билдирген. Инаугурация күнү Бишкектин жолдорун жаппай, иш-чараны жупуну кылып өткөрүү, 10 миллион сомдук чыгым сарптабоо тууралуу сунуш киргизген.

«Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу тобу аны карап чыгып, ант берүү аземин ошол сунушка жараша өткөрүү боюнча чечим кабыл алат», - деди Анаркулов.

Буга чейин былтыркы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Адинай Марипова Садыр Жапаровго таянуу менен инаугурацияда ашыкча чыгым болбой турганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

«Жапаров филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, президент болгондон кийин баарынан МАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот», деп билдирген ал.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Ага байланыштуу 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн.

Жапаровдун салтанаттуу кызматка киришүүсүнө даярдык ошол эле күнү башталган. Баш калаанын борбордук көчөлөрүнүн жарым сааттай жабылганы автотыгындарды пайда кылып, коомчулуктун сынына кабылган. (NT)

XS
SM
MD
LG