Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Мамлекеттик тил комиссиясына тилчи-окумуштуу Сыртбай Мусаев жетекчи болду


Профессор Сыртбай Мусаев. 2020-жылдын 26-ноябры.
Профессор Сыртбай Мусаев. 2020-жылдын 26-ноябры.

Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп тилчи-окумуштуу Сыртбай Мусаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгону тууралуу маалымат 21-январда президенттин порталына расмий жарыяланды.

Сырбай Мусаев - Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Манас» таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, учурда иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү.

Кусейин Карасаев атындагы БГУнун ректору, КТРКнын (ал кездеги КТР) президенти кызматтарын да аркалаган.

Сыртбай Мусаев - латын алфавитинин кыргыз тилине тиешелүү вариантын реформалоо, кыргыз тилинин саясий макамы тууралуу публицисттик эмгектердин автору, эне тилдеги орфографияны реформалоо демилгесин көтөргөндөрдүн бири.

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын буга чейинки жетекчиси, тилчи-окумуштуу Назаркул Ишекеев өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG