Болор бала
Кеп башында Ракым Усубакуновдун өмүр баяны тууралуу кыскача маалымат. Ал 1929-жылы Кыргызстандагы Ысык-Көл районунун Чоктал айлында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Усубакун Каптагай уулу көл кылаасындагы алгачкы мугалимдердин бири болгон.
Ракым Усубакуновдун окуу аракети алгач медициналык институттан башталган. 1947-жылы бир жылдык даярдоо курсунан соң дарыгерликке окуй баштаган. Сабакты өздөштүрүүгө дилгир студент бир жолу окуу кабинеттеги скелеттин башын чыгарып алып жатаканадан окуйм деп алып кетип анысы колунан түшүп жарака кеткенинен уялып кыргыз мамлекеттик педагогика институтунун физика-математика факультетине барып окуп калган экен.
Ракым Усубакунов 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, Пржевальскидеги педагогикалык институтка окутуучу болуп жиберилген. Студент кезинде ал кездеги өзгөчө урматка ээ болчу сталиндик стипендия алып окуган.
Көл кылаасында бир жыл иштеп өзү окуган Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасына келип кирген. 1955-жылы диссертациясын ийгиликтүү коргоп физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Биртоп жыл университетте кафедра башчысы, деканы болуп иштеп, 1962-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун биринчи проректору болуп дайындалган. Ал кызматында жүргөндө агартуу министринин алдына так илимдерди кыргыз тилинде окутуу маселесин койгон. Орус тилинин окулушуна өзгөчө маани берген министр техникалык жогорку окуу жайынын жетекчиси көтөргөн маселени укканда чок баскандай жаман абалга түшкөнүн замандаштары эскерип жүрүшөт.
Мына ушул жерде Ракым Усубакунов өмүр жолун кескин өзгөрткөн саясий тоскоолдукка кез келген. Жогорку окуу жайларында көп жылдар иштеп, орус тилин жакшы билбей айылдан шаарга келип калган студенттердин көйгөйүн ал жакшы билчү. Так илимдер жаатында кыргыз тилинде бир да окуу китептеринин жоктугу көптөгөн жаштардын кендирин кесчү. Тил азабынан таланттуу жаштардын көбү окуусун таштап кетүүгө мажбур болушчу.
Орус тилин билесиңби-билбейсиңби ага көңүл бурулбай, маани берилбей, сабактардын текши баары орусча жүрчү, жаңы шартка көнө элек жаш адам аяк-башын жыйганча жарым жылдык жыйынтыктар, сессиялар башталып кетчү. Тил билбестиктин айынан көбү сыноолордон өтө албай, стипендиядан куржалак калышчу. Ракым Усубакунов сунуштаган демилге колдоо таап, студенттер 3-курска чейин кыргызча окушса татаал предметти өздөштүрүү кыйла оңойго турмак.
Татаал математиканын кыргызчасы
Так илимдерге ансыз да аз тартылган айылдык жаштардын арыз-арманын жакшы билген биринчи проректор өзү баштап кыргыз тилинде жогорку математика боюнча окуулук жазган. Башка кесиптештерин да бул ишке тартып, ойдо жок жерден интернационалдык саясатты туу туткан Кыргызстан компартиясынын төбөлдөрүнө жакпай калган.
Ал кезде Кыргызстан компартиясынын башчысы кыргыздардын 250 миңи эле орусча өз оюн кенен-чонон түшүндүрүүгө жарайт, калганын кантип ошол деңгээлге жеткиребиз деген изги тилек менен жашап жаткан. Компартиянын даңгыр жолунан четке чыгып калган окумуштуу кызматтан алынып, жөнөкөй бир институтка катардагы окутуучу болуп жөнөтүлгөн.
Партия жетекчилеринин мыкты иштеп жаткан проректорду кызматтан алышына нааразы болуп жыйын курган студенттерди коопсуздук кызматы сурактарга чакырып, коомчулук арасында кыйла резонанс жараткан нааразылык бас-бас кылынган. Эч кандай негизи жок эле кызматтан алынганын айтып Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетине Ракым Усубакуновдун жазган арыз каты да жоопсуз калган.
Чоң окумуштуу В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтуна которулгандан кийин деле мурда баштаган ишин таштаган эмес. Тар үйдөгү шарттын жоктугуна карабай ал “Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр” деген фундаменталдуу эки томдук окуу китебин, “Математикалык анализ” үч томдугун, Математика терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө, Механика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн, ондогон илимий-усулдук эмгектерин жараткан.
Ракымдын атасы Усубакун совет бийлиги жаңы келген чакта Алматыдагы мугалимдерди даярдоочу курстан окуп келип кыргыз элинин сабатынын ачылышына, жаш муундун билим алышына үлкөн салым кошкон алгачкы агартуучулардан болгон. Өкүнүчкө ал киши баласы экиге чыкканда каза болуп калган.
Замандаштарынын айтуусунда, Ракым Усубакунов коммунисттик идеология күчөп турган шартта деле улуттук кызыкчылыкты алдыга коюп, аны ачык жактаган. Улуу Атамекендик согуштан кийин Чоктал айылында канмайдандан кайтпай калгандардын, отузунчу жылдары репрессиядан курман болгондордун аты-жөнүн жазып эстелик коюу демилгесин көтөргөндөрдүн бири Ракым Усубакунов болгон экен.
Табиятынын зээндүү, зирек жигиттин билим алуусу биралдын шыдыр кеткендей сезилери бышык. Мектепти, жогорку окуу жайын мыкты бүтүп, илим жолундагы ийгиликтери аны курбалдаштарынын арасынан бөлүп турган. Анткен менен, сезимтал окумуштууну ойлонткон олуттуу маселе так илимдердин кыргызча сүйлөбөй жатканы, айылдык жаштардын аны өздөштүрүүсү орус тилин жеткилең билбөөнүн айынан чоң тоскоолго туш келгени болчу. Ракым Усубакуновдун шакирттери жогорку математиканы кыргызча сүйлөтүү аракети кыргыз мамлекеттик университетинде иштеп жүргөн кезинде башталганын эскеришет.
Ал кездеги шаардык кыргыздардын баары туш келген кичинекей барак үйдүн бир бөлмөсүндө жашоо, айылдык ага-туугандардын бала-чакасы кошулуп алган тар бөлмөдө кечке китепканадан, иштеген жеринен ала келген кагаздарын алдыга жайып, татаал интегралдык эсептерди кыргызчалоонун татаалдыгын адистерден мыкты билген киши жоктур.
Ракым Усубакунов болгон кыйынчылыктарын баарына кайыл болуп түйшүгү түмөн ишке бел байлаган. Анын мындай аракети кандай тоскоолдукка кабылганын улуу окумуштуунун шакирти Калыбай Жусупов минтип эскерген:
“Институтта иштеп жүргөндө Ракым агайдын лекцияларды кыргызча окуганы, кыргыз жаштарын калпак кийгиле дегени А. Яхно, Пеков дегендерге жакпай жүргөнүн билчүмүн.
Мен Москвада жүргөндө 1967-жылы Фрунзеде, политехте ызы-чуу болуп жатат деп уктум. Көрсө, Усубакуновго “улутчул” деген жарлык тагышыптыр. Иш жүзүндө өздөрү орус улутчулдары А. Яхно, Пеков “Кыргыздар Сухомлиновдун ордуна Р. Усубакуновду ректор кылганы жатышат” деп чуу чыгарышып, ага Усубакуновдун математика терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгүн түзгөндүгүн, математика китебин кыргыз тилине которгондугун шылтоо кылышып, бетке кармашат.
Өз көлөкөсүнөн коркуп Кремлге жипсиз байланып калган бийлик карап турсунбу, дароо проректорлуктан алып, ал кездеги кыз-келиндер институтуна жөнөкөй окутуучулукка жиберет. Ал жерден куугунтук токтобой Ракым агайдын докторлук диссертациясын жактоого тоскоолдук кылышат. Бирок ичинен сызганы менен сыртынан билгизбей илимий иштерин уланта берет.”
[Булак: Мамбетов, Жума. Р. Усубакунов улутубуздун улуу инсаны. - Бишкек, 2014.]
Ракым Усубакунов орус, кыргыз тилинде эркин ойлонуп, жаза алганы менен текстке өзгөчө этият мамиле жасаган акылдуу жан болгон. Даяр кол жазмасын шакирттерине, өзгөчө мыкты окуган студенттерине окутуп, алардын пикирин сураган. Илимге дилгир студенттерди илимий ишке тартуу, түйшүгү түмөн жумушка аралаштыруу аракети жемишин берип, анын артында катары калың шакирттери калды.
Фрунзедеги политехникалык институттун окуу иштери боюнча проректорунун демилгеси менен студенттерге 3-курска чейин кыргыз тилинде лекция окуу, практикалык сабактардын өтүлүшү институттагы орус тилдүү окутуучуларга жакпай, күбүр-шыбыр күчөп, тымызын арыз жазуулар күчөй баштаган. Ошондой арыздарды жазгандардын бири кафедра башчысы Пековго Ракым Усубакунов “экзамендер эне тилинде – кыргызча алынсын” деп экзамен ведомостунун аягына жазып бергенин студенттери эмдигиче эсинен чыгарбай жүрүшөт.
Республикадагы жападан-жалгыз техникалык институттун проректорунун кыргыз тилине күйүп, улуттук кадрларды эне тилинде окутуу аракети жергиликтүү партия жетекчилерине жакпай, Ракым Усубакунов улутчулдук аракети үчүн кызматынан алынган. Иш институттун партиялык чогулушунда каралган.
Кыргыз студенттерине карата мындай мамилеге ичи чыкпаган жаштар ичара сүйлөшүп, башка институттардын студенттерин катыштырып нааразылык билдирип жыйын өткөрүүнү чечишкен. Кийинки күнү жыйын өткөрмөк болушат. Студенттердин андай аракетин угуп калып Ракым Усубакунов кишилерин жиберип, жаштардын келечегине балта чабылып калышынан чочулап жатканын айттырып, жыйын өткөрбөөнү суранат.
Студенттер ага макул болушпай, эртеси политехникалык институттун (азыркы И.Раззаков атындагы техникалык университеттин) алдына чогулушат. Жаштардын саны көбөйүп отуруп институттун алдынан Айни көчөсүнө чейин жетет. Ал күнү башкалаадагы алты окуу жайда окуу токтоп, башка ЖОЖдордогу студенттер да нааразылыгын ачык билдиришет.
Жашыруун кеп-сөздөр коопсуздук кызматына жетип, алар түнү менен жаштар арасында "түшүндүрүү иштерин" жүргүзүп (ара-чолодо айрымдарын коркутуп-үркүтүп), окуу жайдын жетекчилери көп студенттерди жатаканадан чыгартпай койгонуна карабай, политехникалык институттун башкы кеңсесинин алдына он миңдей жаштар чогулган.
Кыргызстандагы КГБ, ИИМ, Агартуу министрликтин өкүлдөрү “тезинен тарагыла” деп үн күчөткүчтөр менен кыйкырып турушкан.
Студенттер саат он экиге чукул өздөрү эле тарап кетишкен. Мындай окуядан жүрөгү түшкөн ал кездеги агартуу министри Абдылда Каныметов политехникалык институтка келип: “ Орус тили А. Пушкин, Л. Толстой, Ленин сүйлөгөн тил. Кыргыз тили менен кайда барасыңар? Улутчул агайыңарды колдогонду дароо токтоткула” дейт.
Ракым Усубакунов министрликтин жыйынында төмөнкү курстарга окутууну кыргыз тилинде жүргүзүү сунушун айтканда чок баскандай секирген министр - дал ушул киши болчу.
Кесиби тарыхчы, интернационализм, орус тили – экинчи эне тилибиз деген өз учурунун жалындуу "усубалиевдик" ураанын Абдылда Каныметов өзгөчө ынтаа менен колдочу. Министрдин алдагыдай түшүндүрүү иштеринен кийин коопсуздук кызматынын студенттерди суракка алуусу башталган. Бул иш баш-аягы жарым жылга жакын созулган. Максат - нааразылыкты Усубакунов менен анын жан-жөкөрлөрү тымызын уюштурганын "далилдөө" болчу.
Студенттер агайынын эскертүүсүнө карабай нааразылыкка чыгышкан. Жыйын тарап кеткенден кийин демилгелүү жаштар төрт миңден ашуун кол топтоп, Кыргызстан КП БКга, биринчи катчы Турдакун Усубалиевге Ракым Усубакуновду мурдагы кызмат ордуна коюу өтүнүчүн жазып кайрылышкан.
Студентердин колу коюлган барактардын көптүгүнө таң калган Каттар бөлүмү арызды алып калышкан. Ал кайрылуу да жоопсуз калган.
Кийин куугунтукталган илимпоз Ракым Усубакунов борбордогу кыз-келиндер институтунда (азыркы И.Арабаев атынлагы КМУ) иштеп жүргөндө, эмгек жамааты аны кафедра башчысы кызматына дайындап берүү өтүнүчү менен чыккан, бирок өтүнүч канааттандырылган эмес.
Ракым Усубакуновдун демилгесин уланткан кесиптештери социализм заманында беш манжа менен санарлык эле. Механика боюнча - Иманкулов, Ташматов, Кыргыз эл жазуучусу, кесиби боюнча тоо инженери Ө. Даникеев болсо - сызма геометрия боюнча китептерди жазышкан.
Кайриет жаңы заманда Ракым Усубакуновдун жолун улагандар көп чыкты. Алардын бири, ОшМУнун профессору Макамбай Мамаюсупов татаал математика боюнча беш томдук эмгегин кыргызча жазып, ал ишин дагы улантып жатканын мындан үч-төрт жыл илгерээк Ош шаарына барганда көргөм, аны менен "Азаттык" үчүн маек да курганбыз.
Эстутум
Улутташтарына татаал илимдин кыргызча үлгүсүн көрсөткүсү келген кылымда бир жаралчу залкар окумуштуу 1982-жылы 53 жаш курагында капыстан каза болгон. Пржевальскидеги педагогикалык институттун мамлекеттик экзамен алчу комиссиясынын жетекчиси болуп барган жеринде жүрөгү кармап бу жарыкчылык менен коштошуп кете берген. Көлөкөсүнөн корккон бийлик анын сөөгүн Фрунзеге алып келип шакирттери, кесиптештери менен коштошуу зыйнатын өткөрүшкө жол бербей, акыркы сапарга узатуу зыйнаты туулуп-өскөн айылы Чокталда уюштурулуп, айылдагы мүрзөгө коюлган.
Эгемендик доорунда гана ыраматылык Ракым Усубакуновдун педагогдук ишмердиги акыйкат баасын алып калды.