Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

«Кыргыздар эне тилинде сүйлөбөсө, башкалар сүйлөйбү?»


Ош шаары, 26-октябрь, 2016-жыл

Англиянын Ньюкасл университетинин саясий география боюнча профессору Ник Мегоран 2017-жылы «Борбор Азиядагы улутчулдук» аттуу китебин чыгарган. Ал июнь коогасынын тамырын Кыргызстандагы улутчулдук менен түшүндүрүп, ага тил, геосаясий жагдай жана биримдиктин жоктугу шыкак болуп жатканын жазган.

«​Азаттык»​: - Ош окуяларын анализдеген бир катар макалаларыңызды, китебиңизди окуп чыктым. Сиз Кыргызстандын түштүгүндө улам бир улут аралык кагылышуулардын чыгышына Кыргызстанда кандайдыр бир мамлекеттик туруктуулуктун жоктугу себеп болуп жатканын белгилептирсиз. Ошондой улуттук бейстабилдүүлүккө негиз катары коомдогу биримдиктин жоктугун, геосаясий кырдаалды жана тил маселесин атаптырсыз. Ушулардын ар бирине токтоло кетсек.

Тилден баштасак, эмне үчүн сиз дал ушул тил маселеси мамлекеттеги туруктуулукка коркунуч келтирген фактор деп эсептейсиз?

Ник Мегоран: - Кыргызстан эгемендигин жарыялаганда өлкөдөгү эки чоң шаарда кыргыздар басымдуулук кылган эмес. Бишкек менен Ошту алалы. Кыргыз тили бул жерлерде басмырланып калган. Кыргыздар кыргызча сүйлөсө, орустар керек болсо текебер мамиле жасашкан.

Бишкек менен Ошто кыргыз тилдүү мектептер саналуу гана болгон. Айылдан көчүп келген кыргыздар ал кезде балдарын орус, кээде өзбек мектепке берүүгө аргасыз болушкан. Азыр деле илим-билимдүү далай кыргыздар эне тилинде сүйлөбөй, орусча сүйлөшөт. Ошондуктан кыргыздардын башкы улуттук баалуулугу – тил жана маданият коопсуздугуна коркунуч жараткан факторду айткым келген.

Ушунун айынан 2010-жылы айрым өзбек лидерлери тил маселесин көтөргөндө, ал жалпы мамлекеттин коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбесе да, алар болгону «биз Кыргызстандын жараны болгонубузга сыймыктанабыз, бизге өзбекче сүйлөгөнгө гана укук берилсин» дегени улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген маселедей кабыл алынган. Ал өзбек активисттери «Кыргызстан - биздин мекенибиз» деп кайталап айтканы да эске алынбай, дароо сепаратизм, же жикчилдик катары кабыл алынган. Андагы абдан чоң түшүнбөстүк, туура эмес чечмелөө аягында трагедиялуу окуяларга алып келип отурат.


«​Азаттык»​: - ​Эми геосаясатка келсек. Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримов бул кайгылуу кагылышууга кайсы бир үчүнчү күчтөр аралашкан деп айтканы бар. Ал кайсы күчтөрдү айткан деп ойлойсуз?

Ник Мегоран: - Каримов ал билдирүүсүндө эмнени айткысы келгенин так айта албайм. Бирок 1990-жылкы кагылышууну алсак, анда да кыргыздар сепаратисттик кыймылдан коркконун айтышкан. Ошондой эле сөздөр 2010-жылы да кайталанды.

Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбектер коңшу өлкөгө кошулгусу келет деген сөздөргө бир да далил келтирилген эмес. Геосаясий туруксуздуктан, белгисиздиктен улам өзбек азчылыгынын аракеттери таптакыр тескери кабыл алынган. Бул маселе кененирээк саясий контексттен каралышы керек, кыргыз мамлекеттүүлүгүн торуган коркунучтар ушундай окуяларга чоң өбөлгө болуп жатат.

Ушундай коркунучтардан кутулуш үчүн Кыргызстан менен Өзбекстан экөө тең өзүндө жашаган аз улуттардын укуктарын бекемдеп, өзүлөрүн эркин жана тең укуктуу сезгидей жагдай түзүлгөндө гана туруктуу өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн эки өлкөгө элдин баары сыйлаган, тагдыры, тарыхы бирдей эки элдин ынтымагын бекемдей алчу мыкты жетекчилер келиши керек.


«​Азаттык»​: - ​Албетте, сиз 2010-жылкы июнь окуясына кайрылганда, ага Кыргызстандын бийлигиндеги биримдиктин жоктугун, ошол кезде туш тараптан бут тосууларга тушуккан бийликтин алсыздыгын да негизги себептердин бири деп атагансыз. Ошол эле кезде Орусиянын ошол кездеги жетекчилери «апрелдеги элдик толкундоо, ыңкылап Кыргызстанды кыйроого алып барат» деп ишеничтүү айткандары да шек жаратпайбы?

Ник Мегоран: - Албетте, ал жерде далай факторлор болгон. Жакырчылык, коррупция, элдин нааразылыгы. АКШ, Британия сыяктуу өлкөлөрдүн коррупционерлердин байлыгын офшордук аймактарга жашыруусуна жол ачкан ролун да айтсак болот. 2010-жылы Орусия Кыргызстанга аябагандай басым көрсөткөнүн да бөлүп көрсөтсөк болот.

Баарынан башкысы – бийликтеги вакуум, боштук, бийликтин алсыздыгы чоң түрткү болгону талашсыз. Дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун, качан болбосун, керек болсо ушул күндө да, ар кайсы эки жамааттын ортосунда чыр-чатак чыгып кетиши толук мүмкүн. Өкмөт ошондой чыр-чатактарды дароо басып койгонго кудурети жетиши керек. Британия болобу, Кыргызстан болобу, элдин күткөнү ошол. Өкмөттөр болбосо, жердин баарында эле аягы көрүнбөгөн түрдүү уруш-талаш, чыр-чатак боло бермек. Көпчүлүк мамлекеттерде бийлик андай чыр-чатак чыгаар замат токтотуп коё алат. Кыргызстанда 1990-жылы жана 2010-жылы биз көргөндөй, өкмөт бир нече күн бою чатакты баса албай, алсыздыгын далилдеди.

Индияда мусулмандар менен индустар күн алыс эле чатакташып турат. Өкмөт алардын араздашуусун дароо жетип барып басканга машыгып калган. Бир-эки жолу убагында реакция жасабай койгондо, чоңураак кагылышууга айланган.

Ник Мегорандын маеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:58 0:00
Түз линк



«​Азаттык»​: - ​Биримдиктин жоктугу деген фактордо эмнени айткыңыз келди эле?

Ник Мегоран: - Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» деген урааны болгон. Аны кээ бир улутчул саясатчылар өз элин коргой албаган саясатчы деп сындашкан.

2010-жылы Ош, Жалал-Абадда кыргыз-өзбек кагылышуусу чыкканда, Өзбекстанда миңдеген аскер мобилизацияланып, кыргыз айылдарын курчап коргоого жөнөтүлгөн. Сыналгыдан, же радиодон кыргыздарды жамандап сүйлөгөн киши дароо камакка алынат деп эскертилген. Өзбекстандын авторитардык башкаруусун мактайын деген ниетим жок. Бир гана алар өзүндөгү кыргыз азчылыгын коргоп калганын айткым келет. Кыргызстан да өзүндөгү өзбек коомчулугун ошентип коргоп калышы керек эле. Кыргызстанда сөз эркиндиги кеңири жайылгандыктан, кээ бир эркин басылмалар аз улуттарды жамандап, мокочо кылып көргөзгөн учурлар көп болгон.


«​Азаттык»​: - ​1990-жылкы жана 2010-жылкы кагылышуулардын аягы, алардан алынган сабак эки башка болгонун жазган экенсиз.

Ник Мегоран: - Ооба, 1990-жылкы кагылышуудан кийин өзбек тилинде жогорку окуу жайларда билим алууга жол ачылып, далай билимдүү өкүлдөрү бийлик органдарына дайындалган, шайланган. 2010-жылкы окуядан кийин андай болгон жок, тескерисинче көп мүмкүнчүлүктөр жоюлду.

1990-жылдан кийин ал кагылышууларды баштаган күнөөкөрлөр соттолуп жазасын алса, 2010-жылкы окуялар үчүн жооптуу адамдар адилеттүү соттолду деп айтуу кыйын. Мындай жыйынтыктар аз улуттар арасында ишенич жаратпайт. Бийликке ишенип, өзүлөрүнүн келечегине ишене алышпайт.

Кыргыздар кооптонгон өзбек сепаратизмине бир да далил таба албадым. Кыргызстандык өзбектер «мен ушул өлкөнүн жараны болгонума сүйүнөм, бизде эркиндик бар, сөз эркиндиги, диний ишеним эркиндиги бар» деп белгилешет. Кийинки кездери балдарын кыргызча окуткандар көбөйдү.

Ушул жерден айта кетейин, далай кыргыздар балдарын орусча окутуп, эне тилин жеришет. Өзүлөрү жакшылап сүйлөбөсө, башкалар кыргыз тилин үйрөнөбү? Кыргыздар менен өзбектер жакшылап тыңшай келсе бири-бирин түшүнө алышат, тилибиз бир, дилибиз бир деп калышат жолуккан жерде. Ошол бай тамыры менен сыймыктанса болот.

Борбор Азия элдерин бириктирген нерселер абдан көп, кааласа бир элдей жашаса болот, келечекте ошондой болот деп ишенгим келет. Азыр бардык жерде улутчулдукка азгырылган саясатчылар ынтымакты ыдыратып жатканын сезбей жатышат.

«​Азаттык»​: - ​Азыркы кыргыз жетекчилерине, саясатчыларына эмне деп кайрылат элеңиз?

Ник Мегоран: - Кудай баарыбызга ушул Жерди (планетаны) аманатка берген. Бардык адамдар бирге тынч, бакубат жашагыла деп. Кудайдын алдына барганда баарыбыз жооп беребиз, ал аманатын кандай аткарганыбызды баарыбыздан сурайт.

»Ыңгайсыз суроолор»: Июнь окуясынын элге берген сабагы
Июнь окуясынын элге берген сабагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:42 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG