Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 14:49

Июнь окуясы: ачылбай калган иштер


Ош шаары, Кыргызстан. 14-июнь, 2010-жыл.

2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңга он жыл болду. Этникалык кагылышка байланыштуу беш жарым миңден ашык кылмыш иши козголсо, анын азыраак бөлүгү гана ачылды.

Издөөдө жүргөндөрдүн көбү кармалган жок, дайынсыздардын дареги да табылбай калды. Тополоңдо жоголгон жүздөгөн курал-жарактар да кайтарыла элек. «Азаттык» июнь окуясынын тегерегиндеги кылмыш иштерди талдоого алды.

Сандарга айланган коогалаң

Арийне, кандуу окуя боюнча козголгон жана иликтенген кылмыш иштерди тизмектеп чыгуу жеңил эмес. Анткени ал боюнча башынан эле бири биринен айырмаланган бир нече эсептер бар болчу.

Маселен, «Кылым шамы» уюмунун баяндамасында улут аралык кагылыш боюнча кылмыш иштердин саны 2010-жылдын аягында 5158ди түзгөнү кабарланган.

Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссиянын 2011-жылдын башында жарыяланган корутундусунда улут аралык кагылышка байланыштуу 5162 иш ачылганы белгиленген.

Кезинде фактыларды милиция, атайын кызмат же прокуратура өкүлдөрү чогуу териштиришкени менен алардын жалпы санагын мекеме аралык тергөө тобу жүргүзгөн эле. Ал эми ал топту Башкы прокуратура жетектеген.

Демек, негизги көзөмөл мекемесинин ошол кездеги маалыматына ылайык, 2011-жылдын апрель айында кылмыш иштердин саны 5511 болуп калган. Ошол учурдагы башкы прокурор Аида Салянова 2011-жылдын августунда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жыл ортологондо актылар 5633кө жеткен.

Андан ары жаңы табылган фактылар боюнча иштер дагы ачылып турду. 2015-жылга келгенде козголгон иштердин жалпы статистикасы 5646 болгону расмий айтылды. Дагы беш жыл ичинде мунун төртөө башка иштер менен бириктирилгени маалым болду.

Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова 2020-жылкы санды «Азаттыкка» мындайча келтирди:

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«2010-жылкы июнь окуясы боюнча жалпы 5642 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 360 иштин бети ачылган. Мунун 319у сотко жөнөтүлүп, 511 кишиге айып тагылган. 3919 иш убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда иликтөө баскычында турган кылмыш иштери жок. Бирок ошол эле кезде кылмыш иштеринин алкагында аны ачуу үчүн ыкчам издөө иш-чаралары улантылып келет»,-деди ал.

Ачылган актылардын тергөөсү кезинде Кылмыш-жазык кодексинин 1997-жылкы редакциясы менен жүргөн. Андагы беренелер менен талдай турган болсок, 97-берене («Киши өлтүрүү») менен – 481 иш, 104-берене («Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү») менен – 13 иш, 105-берене («Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү») менен – бир иш, 123-берене («Адамды уурдоо») менен – 27 иш, 125-берене («Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу») менен – 12 иш, 129-берене («Зордуктоо») менен – жети иш козголгон. Бул эң оор кылмыш деп саналгандары.

2010-жылдын июнь айы. Ош, Кыргызстан.
2010-жылдын июнь айы. Ош, Кыргызстан.

Ал эми 164-берене («Уурдоо») менен – 1871 иш, 165-берене («Мал уурдоо») менен – сегиз иш, 167-берене («Тоноо») менен – 48 иш, 168-берене («Каракчылык») менен – 32 иш, 170-берене («Опузалап талап кылуу») менен – эки иш, 172-берене («Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу») менен – 485 иш, 174-берене («Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу») менен 2445 иш ачылган.

Дагы 40 иш ушул эле мыйзамдын 233-беренесине («Массалык тартипсиздиктер»), 30 иш – 234-беренесине («Хулиганчылык»), 42 иш – 241-беренесине («Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү»), 23 иш – 245-беренесине («Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу»), эки иш – 247-беренесине («Башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү») туура келет.

Мындан сырткары 299-берене («Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу») менен үч иш, 305-берене («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу»), 316-берене («Шалаакылык») эки иш, 339-берене («Кылмышты жаап-жашыруу») менен эки иш, 340-берене («Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу») менен 8 иш, 341-статья. 340-берене («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү») менен 50 иш, 346-берене («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») менен алты иш, 360-берене («Аскерден качуу») менен бир иш тергелген.

2010-жылдын июнь айы. Ош, Кыргызстан.
2010-жылдын июнь айы. Ош, Кыргызстан.

Бул иштер боюнча соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча да маалыматты негизги көзөмөл мекемеси берди.

«Республиканын соттору 2010-жылдан 2020-жылга чейин Июнь окуясына байланыштуу 470 кишиге карата 254 кылмыш ишин карады. Анын жыйынтыгында 224 иш боюнча 440 адамдын үстүнөн айыптоо өкүмү чыкты. 28 иш боюнча 28 адамдын кылмыш ишин токтотуу токтому кабыл алынды. Мындан сырткары эки кылмыш ишинин алкагында эки адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулду», - деди Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова.

Расмий маалыматтарга ылайык, жапырт башаламандыкка байланыштуу жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Мындан сырткары этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө берилген. Алардын арасында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана саясатчылар бар.

Булардын ичинен Кадыржан Батыров 2018-жылы декабрда Украинанын Одесса шаарында көз жумганы, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилгени кабарланган. Бирок калгандарынын көбү ар кайсы жагдайлардан улам ушул күнгө чейин кармалып, алынып келе элек.

Бакыт Сеитов.
Бакыт Сеитов.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов шектүүлөрдү издөө чаралары дале уланып жатканын билдирет.

«Биз Интерпол аркылуу да, мамлекет аралык келишимдердин негизинде да издөө чараларын жүргүзүп келебиз. Шектүүлөрдүн айрымдары алып келинип, жоопко тартылган фактылары да бар. Калгандарын издөө иштери дагы алып барылып жатат».

«90% иш ачылбай калды»

Маалым болгондой, июнь окуясынан кийинки беш жылда күч кызматтары коогадагы кылмыштардын 30% ачылганын кабарлап келишчү. Андан берки беш жыл ичинде болсо дагы 20% иш аягына чыкканы айтылган. Башкача айтканда, ушул убакка дейре фактылардын тең жарымы иликтенди деген ишеним бар эле.

Деген менен эгер сандарды чага турган болсок, жагдай башка өңүттөн көрүнө түшөт. Тагыраагы, ачылды делген 360 кылмыш иши жалпы 5642 актынын 10% жетпейт. Анда катталган иштердин ондон бир бөлүгү гана ачылган болуп калабы?

Кандуу капсалаң боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп, атайын баяндама чыгарган «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын жообун угалы.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Биздин уюмдун аныктамасы боюнча, июнь окуясына байланыштуу кылмыштардын 86-87% бети ачылбай калды. Эң оор кылмыштарды бөлүп карай турган болсок, киши өлтүрүү боюнча козголгон иштердин 18% иликтөө гана аягына чыккан. Калгандары ачылган жок. Ачылган фактылар боюнча да, соттук кароолордо далилдерди жасалмалоо жүргөнүн байкаганбыз. Экинчиси - зордуктоо фактылары. Кыздардын зордукталышы боюнча «Кылым шамы» иликтеген 13 фактынын бири да ачылбаганын тактаганбыз. Андан кийин, үчүнчүсү - турак жайлардын өрттөлүшү. Коогалаңда жалпы эки миңден ашык үй өрттөнсө, ошонун бири боюнча да жыйынтык болгон эмес. Аларды ким, эмнеге өрттөдү, эмнелерди карактап кетишти, табылбай, аныкталбай калды. Мындан сырткары дагы эки миңдей соода-жайлары, кафе же дүкөндөрдүн тонолушу боюнча да жыйынтык болбой калды».

Азиза Абдирасулова ошондой эле үй, автоунааларды же башка мүлктөрдү тартып алуу, мал-жандыктарды уурдап кетүү аракеттери майда көрүнүш сыяктуу каралып, аларга чара көрүлбөй калганын белгиледи. Ал мындагы жабырлануучулардын көбү компенсация ала албаганын да кошумчалады.

Жабырлануучулар демекчи, Ошто жана Жалал-Абадда жакындарын жоготкондор башында ар кандай уюм, бирикмелерди түзүп, өздөрүнүн иштери тууралуу маалыматтарды ошолор аркылуу алып турушкан. Кийин бирикмеге мүчөлөрдүн жакындарынын өлүмү боюнча сот иштерине катышып, жалпы процесстерге байкоо салып келишти. Бирок аларда да тергөө жана сот иштерине ичи чыккандар аз экен.

Июнь окуясында жакындарын жоготкондор.
Июнь окуясында жакындарын жоготкондор.

Оштогу жабырлануучулардан түзүлгөн төрт бирикменин эң ириси – «Ош шейиттери» коомдук уюмунун жетекчиси Насипа Жанузакова да нааразы болгондордун катарында.

«Коогалаңдагы кылмыштардын 90% тыкыр иликтенген жок, күнөөлүүлөрдүн 90% качып кетишти, соттук жараяндардын 90% калыс өткөн жок. Соттолуп, чечим чыккандары деле, абакка киргенден кийин мунапыс же дагы бирдеме болуп жатып, чыгып кетишти. Же жазасын жеңилдетип, болбогон бир 3-4 жылдык жаза менен отуруп калышты. Бул кылмыштарды караган соттор байыды. Биз билгенден он чакты эле кылмышкер 10-20 жылга кеткени болбосо, калганынын көбү жеңил жаза алышты. Көбү убактылуу кармоочу жайда отурганын эки-үч күндөн эсептеп жатып, бошогондор көп болду. Маселен, менин күйөөм, Курстан Орозбаевди өлтүргөндөр Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалганы айтылып, алынып келет деп жаткан. Анан эле алар ошондон ары башпаанек алып, чыгып кетишиптир. Кыскасы, жабырлануучулардан тергөөгө жана соттук иштерге ыраазы болгон кишини көрбөдүм», -деди жабырлануучу Насипа Жанузакова.

Дайынсыз жоголгондордун аты жазылган бешик формасындагы эстелик.
Дайынсыз жоголгондордун аты жазылган бешик формасындагы эстелик.

Алгач расмий түрдө 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алганы кабарланган. Окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он үчү ушул күнгө дейре табыла элек.

Кийин өлгөндөрдүн саны 474 экени айтылды. «Кылым шамы» уюмунун баяндамасында болсо дайынсыз жоголгондор кошулуп саналып, курмандыктар 492 киши деп эсептелген. Мунун ичинде Ички иштер министрлигинин он кызматкери, атайын кызматтын бир кызматкери мерт болгон.

«Кылмыштар ачылбаса, окуядан сабак алынбайт»

Укук коргоо органдары кылмыштардын көбүнүн иликтенбей калышын алгачкы жылдары алардын адаттан тыш көптүгү менен байланыштырып келишкен.

Башкача айтканда, окшош жана бир жерде катталган эпизоддор бириктирилбей, ар бир жазылган арыз өз-өзүнчө катталган. Негизи массалык башаламандык учурундагы окуялар жалпылап тергелиши керек эле дешкен айрым адистер.

Ошол эле кезде дүйнөдө, башка мамлекеттерде орун алган ири калайман кагылыштарда жана улут аралык уруштарда да болгон мыйзам бузуулардын көбү ачылбай калары айтылды. Буга көбүнчө андагы далилдер чогултулбай калары эң башкы себеп. Кыргызстандын күч кызматтарында да ушундай жүйөлөр бар.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» буларды билдирди.

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Кылмыш-жазык процессуалдык эрежелерге ылайык, адам өлгөн жерде кароо мүмкүн болушунча тезирээк жүргүзүлүп, кечиктирилгин далилдер топтолушу керек эле. Өзүңүздөр билгендей, массалык башаламандык башталган учурда кээ бир жерлерде адамдын сөөгү эки-үч күндөп жатып калган учурлар болгон. Айрым жерлерге окуя басылгандан кийин, бир айдан кийин кароо жүргүзүлүп, тергөө жүргөн. Айрым кишилердин денеси көмүлгөн жерден же башка жактардан бир нече айдан кийин табылган учурлар болгон. Ошондуктан аларды ким өлтүрүп, ким көмгөнүн табуу, кылмышка тиешелүүлөрдү аныктоо кыйынга турган. Видеого тартылып калган айрым учурларда, ошого карап кылмышкерлер табылган. Бирок мезгилде далилдерди чогултуу жетишсиз болгон. Мекеме аралык тергөө тобунун кызматкерлери кылмыштардын бетин ачууга максималдуу аракетин жумшашкан, азыр деле иштеп жатышат. Жакындары каза болгон, дайынсыз жоголгон адамдарды да туура түшүнөбүз, бирок шарт, жагдай ушундай болуп калган».

Ошентсе да коогалаңдагы кылмыш иштери толук иликтенбей, ага күнөөлүүлөр жазага тартылбай калса, окуядан сабак алынбай каларын эскерткендер да бар.

Он жыл башта түзүлгөн Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, коомдук ишмер Бахтияр Фаттахов бийлик коогалаңдагы иштерди жалпылап жыйынтыктап, отчет кылышы керектигин белгилейт.

Бахтияр Фаттахов.
Бахтияр Фаттахов.

«Улуттук комиссиянын материалдарын карасаңыз өкмөткө, прокуратурага кылмыш иштерди көзөмөлгө алып, сөзсүз аягына чыгарыш керек деген тапшырма болгон. 2010-жылкы июнь окуясынын себептеринин бири 1990-жылкы коогалаңдын жыйынтыктарын көзөмөлгө албагандык болгон эле. Азыр да эми он жыл мурдагы окуянын кылмыштарынын жыйынтыгы көзөмөлгө алынбай, ошол нерсе кайталанган. Ал иштерди укук коргоо органдары кагазда калтырып койду, коомчулук да аны көзөмөлгө алган жок. Мен Ош шаарынын комендантынын орун басары катары 4,5 миңдей адамды кабыл алып, алардын кайрылууларын тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөткөнбүз. Ал кайрылуулардын жыйынтыгы боюнча да маалымат берилбеди. Элге, коомчулукка жана жабырлануучуларга кабар бериш керек да. Мындай нерсени аягына чыгарбаса, жаман окуялардын кайра кайталануу коркунучун жаратат. Кылмыштар ачылбаса окуядан сабак алынбайт», -деди Фаттахов.

2010-жылдын июнь айы. Ош, Кыргызстан.
2010-жылдын июнь айы. Ош, Кыргызстан.

2010-жылкы июнь коогалаңында жоголгон курал-жарактар боюнча алсак, алар ошол эле жылкы апрель окуясында эл тартып алгандар менен кошо эсептелет. Бул эки массалык башаламандык учурунда укук коргоо органдарынан жана аскер бөлүктөрүнөн 1190 ок атуучу курал жана жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары алты чопкутталган аскер техникасы тартылып алынып, кийин кайтарылган.

Ички иштер министрлиги 2020-жылы берген маалыматка ылайык, курал-жарактардын жарымынан көбү кайра табылган. Курал-жарактарды тартып алуу боюнча бир нече адам, ага себепчи болгон шалаакылык боюнча да бир нече кызматкер жоопко тартылганы да маалымдалды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG