Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Июнь окуясы: кайгыдан кийинки тогуз жыл


Ош шаары. Навои эс алуу багында шахмат ойногон аксакалдар. 28-май, 2019-жыл.
Ош шаары. Навои эс алуу багында шахмат ойногон аксакалдар. 28-май, 2019-жыл.

2010-жылдагы жүздөгөн кишинин көз жашын төккөн июнь коогалаңынан бери тогуз жыл өттү.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза таап, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жарадар болгон. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Ондогон турак жайлар талкаланган. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

Оор күндөрдү баштан өткөргөн Ош менен Жалал-Абадга барып, карапайым калк менен жолугуп, калабадан кийинки жашоо жөнүндөгү ойлорун угуп келдик.

Бүгүнкү Ош жана Жалал-Абад

Июнь окуясынан кийин курулган көпүрө. Ош шаары, Навои көчөсү.
Июнь окуясынан кийин курулган көпүрө. Ош шаары, Навои көчөсү.

Ош шаарынын чок ортосундагы Навои эс алуу багы. Ондогон ата-эне балдарын ойнотуп жүрөт. Арасында ар кайсы улуттун өкүлдөрү бар.

2010-жылдагы калабадан кийин Оштогу Навои паркына өзбектер, Токтогул паркына кыргыздар гана барып калган эле. Жергиликтүүлөр бир-эки жыл ушундай жагдай сакталып турганын айтышат. Азыр андай көрүнүш жок, парк толо киши. Айлана жашыл, көчөлөргө гүлдөр тигилген.

Ойноп жаткан балдарына көз салып турган эки аялды тарттым. Бири-бири менен кыргыз-өзбек тилинде сүйлөшүп, маанайлары жарык отурушат. Тогуз жыл мурдагы кооганы ойлогусу деле келбейт, сыягы. Мен аларга суроо салып, өткөн күндөрдү эстеткениме ыңгайсыз да боло түштүм. Биринин аты Нурила Артыкова, экинчиси Феруза Амадалиева.

Феруза менен Нурила.
Феруза менен Нурила.

«Эгер эки эл чындап бири-бирине өчөшкөндө, азыркыга чейин ал күндүн изи жоголмок эмес. Кыргыз-өзбек аралашып эле жүргөнүн көрүп жатпайсызбы. Карапайым калк андай күндөрдүн кайталанышын каалабайт», - дешти алар.

Чын эле, адамдар ал күндөрдү эстегиси деле келбейт. Ошол кезди эске салып турган күйгөн имараттар оңдолуп, дарбазаларга, тосмолорго жазылган ар кандай жазуулар өчүрүлгөн. Базарда соода кайнап, шаардын ар кайсы жеринде курулуш жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаарында деле 2010-жылы бир топ үйлөр күйүп, жашоочулар жакындарын жоготушкан. Ленин көчөсү эң көп жабыркаган. Үйлөр өрттөлүп, кунары качкан эле. Калабадан кийин бир-эки жыл ошол абал сакталып турду. Азыр дээрлик баары калыбына келип калган. Бирок ал күндөр элдин эсинен чыгып кете элек. Көчөнүн боюнда дүкөн ачып отурган Манзура эже мындай деди:

Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

«Ал кездеги стресстен толук арыла элекпиз. Унутуп жиберүү оңой эмес. Бирөө жакынын жоготкон, дагы биринин бешене тер менен салган үйү өрттөлгөн. Жашоо 5-10 жылда калыпка түшүп кетпейт, бирок алдыга умтулуп жашай беребиз».

Июнь коогалаңынын чыгышына күнөөсү бар экени айтылган, маркум Кадыржан Батыровдун бир кездеги менчик университетине Манзура эженин дүкөнү жакын жайгашкан.

Жалал-Абадда азыр ушул университет гана 2010-жылдагы окуяны эске салып турат. Мамлекеттештирүү маселесинен улам талкаланган бойдон калыбына келе элек.

Талкаланган университеттин азыркы көрүнүшү. 27-май, 2019-жыл.
Талкаланган университеттин азыркы көрүнүшү. 27-май, 2019-жыл.

«Азыр бул имаратка карабай деле койдук. Мурда толтура студенттер жүрчү, балдарыбыз да ушул жерде окушкан. Азыр Бишкекте окуп жатышат»,- деди Манзура эже.

«Батыровдун университети» аталган имараттын жарымы азыр облустук сотко, дагы бир бөлүгү Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгына берилген. Калганы айнектери сынып, кароосуз абалда турат. Эл болсо өз тирилиги менен убара.

Жалал-Абад шаары, 27-май, 2019-жыл.
Жалал-Абад шаары, 27-май, 2019-жыл.

Кандуу окуядан бери өзгөргөн көчөлөрдү, айлана-тегерекке тигилген гүлдөрдү карап баратсам бет маңдайымдан бир себетти экөөлөп көтөрүп келаткан байбичелер чыгып калды. Биринин аты Турсунай, экинчиси Калбү эне экен.

«Баштагыдай шаарыбыз жакшы. Бир аз болсо да өзгөрүш бар. Заман тынч болсо болду. Бай да, кедей да жашап жатат. Журтубуз тынч болсо эле болду, башканын кереги жок»,- деп энелер жакшы ниет билдирип жолдорун улап кетишти.

«Абал жакшы, бирок ишеним аз»

Укук коргоочу Абдиназар Маматисламов 2010-жылдагы окуядан бери калк менен тыгыз иштешип келатат. Ал тогуз жылдагы байкоолорун ортого салды:

«Азыр абал бир топ жакшы. Бирок 2010-жылга чейинкидей эмес. Себеби, 2010-жылга чейин да улуттар бар болчу, улутчулдук сезимдер аз эле. Калаба улутчулдукту күчөтүп койду. Азыр ал көйгөй азайды, биротоло жоюлган жок. Эл өз арабасын тартып жатат. Аларга эч кандай тирештин кереги жок. Саясатчыларыбыз улут аралык маселелердин курчуп кетишине жол бербей, этият чара көрүп иш кылышса, баары жакшы болот».

Абдуназар мырзанын айткандарын Ош шаарынын тургуну, жаш активист, Ош коогалаңында гуманитардык жардам таратып, ыктыярчы болуп иштеген Акылай Каримова да тастыктап, аймакта жашоого коркунуч жараткан жагдай жок экенин айтты.

Акылай Каримова.
Акылай Каримова.

«Ошол эле учурда «аябай сонун» деп айта албайм. Антип айтканга толук ишене албайм, - деп сөзүн улады ал. - Июнь коогалаңынан кийин элдин бири-бирине ишеними төмөндөп кеткен. Аны 5-10 жылда калыбына келтирип коюу оңой эмес. «Баары жакшы» деп сүйлөп коё беребиз, бирок эл арасында кооптонуу дагы эле бар. Ошентсе да абалды курч деп айтканга негиз жок. Акырындап жеңип келатабыз».

2010-жылдагы июнь окуяларына чейин Ош менен Жалал-Абадда кыргыз, өзбек мектептери өз-өзүнчө болчу. Калабадан соң өзбек мектептер аралаш окутуу системасына өтүштү. Ошол жылы мектеп босогосун аттагандар быйыл тогузунчу класста. Бул жагдай калктын айрым катмарын капа кылып, өзбек тилдүү мектептердин азайышын оор кабыл алган эле. Бирок жаштар менен иштеген Акылай Каримова сыяктуу адистер аралаш окутуунун жыйынтыгы жакшы болорун, бири-бири менен достошуп чоңойгон улан-кыздар арасында улут аралык бөлүнүү сезимдери болбой турганын айтып жатышат.

Ош шаары, 29-май, 2019-жыл.
Ош шаары, 29-май, 2019-жыл.

2010-жылдан кийин бир-эки жыл той-топурларда тигил же бул улуттун өкүлдөрү бири-биринин музыкасын укпай, бийлебей калышкан эле. Бул да убакыт өтүшү менен ордуна түшүп, азыр зыяпаттарда өзбектер «Кара жорго» бийлесе, кыргыздар «Анжиян полькасына» секирип чер жазып жүрүшөт.

Муну жергиликтүү тургун Жумагүл Шайыкова да бышыктайт. Баса, ал деле 2010-жылдан кийин «кыргызча гана музыка угуш» керек деп башка тилдеги ыр-күүлөрдү койгондорду жаман көрүп жүргөн экен.

Ош шаары, 29-май, 2019-жыл.
Ош шаары, 29-май, 2019-жыл.

«Чынын айтсам, машинеде болобу, дүкөндөбү, кафедеби угуп калсам «ырды өчүр» дегим келчү. Убакыт өтүп, анын баары унутулду. Азыр кыргызча, өзбекче ырларга бийлеп, көңүл ачып эле жүрөбүз. Негизи маданият улут тандабайт. Мисалы, менин телефонумдагы бул өзбекче ырды күнүгө угуп, кээде бийлеп коём», - деп Жүмагүл өзбекче шаңдуу ырды угузду.

Ош шаарында соңку жылдары бир канча заманбап кофекана жана туристтерге ылайыкташкан тамактануучу жайлар ачылды. Калаага 2016-жылы келип, иштеп жаткан британиялык Анна Бишеп аттуу айымды ошондой жайлардын биринде кезиктирдик. Ал байкоолору менен мындайча бөлүштү:

Ош шаары, 30-май, 2019-жыл.
Ош шаары, 30-май, 2019-жыл.

“Ошко биринчи келгенимде супермаркеттер жок болчу, достор менен жолугуп баарлашып отурганга кофекана издеп түйшөлчү элем. Мен күнүгө эртең менен чуркайм. Ак-Буураны бойлой чуркайын десем, асфальт жок, кечинде караңгы болчу. Азыр асфальт төшөп, жарык кылып коюшту. Ошто мен өзүмдү коопсуз сезем”.

Биз бүгүн июнь коогалаңынан кийинки жашоо жөнүндө баяндап бердик. Калабанын себептерине, кесепетине токтолуп отурган жокпуз. Коогалаң болбосун...

Июнь коогалаңы эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG